Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ислам мамлекетин курууну көздөгөн күчтөр Нуржигит Кадырбековду колдошобу?

Ислам мамлекетин курууну көздөгөн күчтөр Нуржигит Кадырбековду колдошобу?

12-март, 09:00
480 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Диний катмарда популярдуу Нуржигит Кадырбеков парламентте “Ыйман нуру” фракциясын жетектеп, коомчулуктан упай алуунун үстүндө иштеп келет. Ар дайым эл менен жолугушууларды өткөзүп, сыпайы көрүнүп, эртелеп эле президенттик шайлоого даярданып атканын байкатууда. Көрсө, кептин баары тереңде жаткан окшойт. Сырткы күчтөр Нуржигит Кадырбековду кийинки президенттик шайлоого алып чыгышып, көздөгөн максаттарына жетишеби? Буга чейин министр, депутат, фракция лидери болгон “каарманыбыз” динчилдерден кеңири колдоо табары шексиз. Ушундай шартта Ислам мамлекетин курууну көздөгөн күчтөргө Кудай береби? Кичинекей Кыргызстанды башка нукка буруу үчүн жетишерлик миллиондорду чачып коюшабы? Кылымдарды карыткан улуттук жүзүбүз радикалдуу агымга бурулабы? Ата-бабанын мурастарын сактай албай калабызбы? Акыркы кезде аргасыздан ушундай суроолор ойлондурууда. Ток этерине келсек, улутубузду, мамлекеттүүлүктүү барктап, алдын ала коркунучтуу жолдордон сактаналы! Мекенибизди светтик, демократиялык нукта өнүктүрөлү, туурабы?


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер