Адил Турдукулов, серепчи: “Равшан Жээнбеков “батышчыл” эмес, накта улутчул, патриот саясатчы”

-- Равшан Жээнбеков үчүнчү ирет түрмөдөн туулган күнүн тосконун жазып, оор сыноо менен күрөшүп атканын билдирди. Кемпир-Абад үчүн отурганын сыймыктануу менен айтып келет. Мындай тагдыр ага кокустукпу, же өзү тандап алдыбы?
-- Камалганга чейин Равшан Жээнбековду сындап жүргөндөр азыр анын тайманбастыгына, өжөрлүгүнө таң берип жатышат. Анткени ал “батышчыл” эмес, накта улутчул, патриот саясатчы экенин тастыктады. Чет жакка кетип калганга бүт мүмкүнчүлүктөрү бар болчу, анүчүн акчасы, мүлкү да жетиштүү. Бирок ал өзүнүн бардар жашоосу эмес, улуттун намысы, келечеги үчүн абакта отурат.
-- “Кемпирабадчы” саясатчылар бийликке багынбай турушканын айтышып, каршылык көрсөтүп келатышат. Бул көрүнүштүн аягы кандай бүтүшү ыктымал?
-- “Кемпирабадчы” дегендер – “кыргыздын жери кыргызга гана таандык” деп даңазалагандар. Утурумдук саясат үчүн эмес, Кыргыз мамлекети, биз үчүн күрөшүп жаткандар. Мамлекеттин ар кыл тармагын тартып кеткенге алардын тажрыйбасы да, мээси дагы жетиштүү. Негизи мамлекетчил принциптери бар саясатчылар катары бааласак болот.
-- Учурдагы оппозиция эмне үчүн ынтымактуу эмес? Адатта кыймыл, биримдик түзүү менен лидерин аныкташчу эле... Же андай ыкма эски катары кабылданбай калдыбы?
-- Анткени чочулоо бар. Расмий биригүү болуп, кыймыл түзүлсө, камалат да баары. Бирок буга бийлик өзү кызыкдар болуш керек эле. Сүйлөшө турган оппозиция болбосо, башаламандыкка жол ачылып, мамлекеттүүлүккө доо кетиши ыктымал.
-- Соңку кезде бийликти ачуу сындагандар, митингге чыгууга үндөгөндөр токтоосуз камалууда. Коомдо кандайдыр бир олку-солку кырдаал, коркунучтар барбы?
-- Бийлик куугунтуктун жолун тандады. Бул туура эмес, муну Кыргызстандын тарыхы бир нече жолу тастыктап берди. Тескерисинче, мындай саясат кырдаалды ого бетер курчутуп, элди радикалдуу кадамдарга түртөт.
-- Быйылкы күз, келе жаткан жазга карай саясый өңүттөгү божомолуң кандай? Туруктуулук болобу?
-- Эң негизги делген ундун, бензиндин баасы кескин түрдө көтөрүлдү. Мигранттардын акча которуулары да азайды. Энергокризис кышта туу чокусуна жетчүдөй. Чек арадагы кагылыш кайра кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан бийлик эл менен ачык диалогго барышы кажет. Антпесе арты жаман болот. Оболу мамлекет утулат.