Балыкчынын мэри Баатырбек Жантаев кылмыш кылып, издөөдө жүрдү беле?


Ушундай. Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев мурда кылмыш кылып, издөөдө жүрдү беле? Бул боюнча соцтармакта айтылып, бирок эч кимиси официалдуу маалымат бербей жатышканы шек жаратууда. Колу таза кадр табылбай калганбы? Анан калса, Баатырбек Жантаев Балыкчыга келип алып, иштегенди эми үйрөнүп атабы? Даяр адистер бар эле го? Каныбек Туманбаевдин бөлөсү болсо эле бөпөлөнүп, мамлекеттик кызматты эксперимент жасай береби? Таңгалычтуу. Негизи Балыкчы шаарынын жашоочулары активдүү, ак-караны жакшы ажыратат эмеспи. “Бала мэрдин” жонтерисин бат эле байкап коюшса керек. Анан реалдуу баа беришеби? “Казды туурап карганын буту сыныптыр” дегендей, Баатырбек да шаар кыдырып, аркасынан-алдынан өзүн видеого тарттырып, пиар кылганы көпчүлүк тарабынан күлкүгө айланды. Кичине арыдан бери боло албаса, андан аркысын айтып не?..
"Азия Ньюс" гезити











