Казакстандагы реформалар Борбор Азия үчүн үлгү көрсөтүүдө

2025-жылы Казакстанда өткөн референдум өлкөнүн саясый-коомдук турмушунда бурулуш учурга айланды. Президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен башталган реформалар – бул жөн гана институционалдык өзгөрүү эмес, жаңы саясый маданиятты калыптандыруу аракети. Өлкө акырындык менен “Экинчи Республикага” өтүү жолунда.
Постсоветтик мейкиндикте, өзгөчө Борбор Азияда реформаларды жүргүзүү – опурталдуу жана татаал процесс. Казакстандын мисалында бул аракет өзүнүн системалуулугу, сабырдуулугу жана стратегиялык багыты менен айырмаланып турат. Бул өлкө күчтүү президенттик башкарууга таянып, бирок ошол эле учурда бийликтин ыйгарым укуктарын тең салмактоого багыт алган.
Реформалардын өзөгүн – Конституциялык өзгөрүүлөр, парламенттик институттарды чыңдоо, жергиликтүү бийликти ырааттуу шайлоо жолу менен калыптандыруу, адам укуктарын коргоо, айрыкча аялдар жана балдардын укугун сактоо сыяктуу багыттар түзөт. Ошондой эле “Угуучу мамлекет” концепциясы эл менен бийликтин ортосунда конструктивдүү диалогду бекемдөөдө өз натыйжасын берүүдө.
Кыргызстан менен салыштырганда, Казакстан өзгөрүүлөрдү “жогоркудан ылдый” жүргүзүп, коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылууга умтулууда. Бизде болсо элиталардын алмашуусу менен чектелген, терең эмес, эмоцияга таянган өзгөрүүлөр үстөмдүк кылып келди. Натыйжада системалуу өнүгүү эмес, кээде туруксуздуктун очогу пайда болуп жатты.
Казакстандын президенти революциялык эмес, эволюциялык жолду тандап алды. Бул ыкма учурда дүйнөдө баалуу ресурска айланган туруктуулукка алып келет. Реформа аркылуу элдин бийликке ишенимин арттыруу, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана саясый плюрализмди чыңдоо – мунун баары ички саясаттын туруктуулугу, натыйжада, эл аралык аренада өлкөнү ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтүп жатат.
Борбор Азия үчүн Казакстандын мисалы – бул: өнүгүү үчүн сөзсүз түрдө революция керек эмес, коом менен бийлик бир максатты көздөсө, өзгөрүү мүмкүн. Ал эми биз, коңшу мамлекеттер, бул процессти кылдат байкап, өз жолубузду аныктоодо объективдүү сабак алууга тийишпиз. Баарыбызга үлгү!
Бакыт Бакетаев, саясат таануучу
"Азия Ньюс" гезити