Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз Жолдошова: «Саясатчылар шайлоо менен алек, бийликти эч ким басып албайт»

Жылдыз Жолдошова: «Саясатчылар шайлоо менен алек, бийликти эч ким басып албайт»

17-сентябрь, 13:26
2 572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен айыпталып кармалды, коомчулукта «мыйзамсыз кармалды» деген сөздөр айтылып жатат...

-- Бир эле ага эмес, өтө күчтүү саясатчыларга, бизге дагы кызыктай мамиле жасалып жатат. Биздин жогору жактагыларга болгон кайрылууларды бурмалап, башкача жазып чыгарып койгон учурлар болду. Ортодо кызыкдар күчтөр бар окшойт... Ошондуктан фейк-кайрылуулардын, жалган сүйлөшүүлөрдүн негизинде камоолор өтө коркунучтуу эле эмес, бул мыйзамдуулукка чоң доо кетирет. Арты чындап эле толкундоолорго алып келиши мүмкүн. Мисалы, учурунда «Ата Журт» фракциясынан көп депутаттар куугунтукка алынган. Ошол эле Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибековдор жаман жалаа, оор статьялар менен камакка алынып, аягы эмне менен бүттү? Аны өзүңөр билесиңер. Мындай мыйзамсыздыкка жол бербеш керек. Адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, акыйкаттуулукту жана калыстыкты бекем кармоо зарыл. Ушул төрт нерсе бийликтин негизги фундаменти болуш керек. Себеби, бул ыйык эрежелер, муну катуу кармабаса, бийликтин пайдубалына доо кетет. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду камаганда мына ушул «Бийликти басып алуу» беренесин коюшкан. Бул берене бийликти басып алууга аракет кылгандар уюм түзүп, курал-жарак чогултуп, бийликти басып алып, президенттин же кайсы бир бийлик бутагындагылардын кеңселерин үч күн бою ээлеп отуруп алганда колдонулат. Бирок, андай болгон жок да. 

-- Балким биз билбеген, ачык айтылбаган башка жагдайлар бар?

-- Курсан Асанов менен Сарыбаевдин сүйлөшкөн аудиосун укканга аябай аракет кылдым. Бирок, эч уга албай койдум. Текстте болсо ар түрдүү сөздөр жазылып турат. Көптөрдөн «чын эле ушундайбы?» деп дагы сурасам, айта алышпады. Жаздырууда шум барбы же алар башка нерсени сүйлөшүп жатабы, белгисиз. 

«Бийликти күч менен басып алды» деп талибандардын Ооганстанды басып алганын айтсак туура. Алар «Талибан» деген уюм түзүштү, ок-дарыларын чогултушту, атышты, андан кийин алардын кабинеттерин ээлеп, бийликтерин тартып алышты. «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасады» деген беренеде деле «уюм түзүш керек, анын мүчөлөрү болуш керек» деп жазылган. Кайсы мүчө? Чынын айтканда, азыр саясатчылардын баардыгы шайлоо менен алек болуп жатат. «Митинг уюштуруп, бийликти күч менен алайын» деген эч кимдин оюнда жок. 


Анархан Алтымышова  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер