Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмамбет Салиевдин арты булганыч болсо, Эрнис Толтоевди тескери сөз ээрчиген жок

Алмамбет Салиевдин арты булганыч болсо, Эрнис Толтоевди тескери сөз ээрчиген жок

28-март, 20:22
637 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кайсы бийлик болбосун, эгерде убагында аша чаап, мыйзамдан сырткары аракеттерге барса, мезгили келгенде жооп берет. Баары ачыкталат. Ал эми адеби, ынсабы барлар убакыт өткөн сайын бааланары шексиз. Эмесе, биз учкай кепке токтололу.
Негизи кадрларга баа берүүдө алардын өткөн чагына карайбыз. Ошол эле кезде салыштыруу менен да байкоого алабыз. Айталы, Сооронбай Жээнбеков президент кезинде Эрнис Толтоев жардамчысы болсо, Алмамбет Салиев аппарат башчынын орун басары эле. Убакыттын өтүшү кимдин-ким экенин ылгап коёт тура. Алмамбет Салиев “жеп-ичүүгө”, мыйзамсыз баюуга айыпталып, түрмөгө түшүп, “кусуп” чыккан. Айрым эксперттердин баамында, ал жазасын жеңил алып, оңой кутулганы айтылууда. Казса дагы да көп нерсе чыгары каңкууланып келет. Ал эми Эрнис Толтоевди алсак, артынан эч бир тескери сөз ээрчиткен жок. Кайсы гана жерде иштебесин, мыйзамдын нугунан чыкпаганы, түз жүргөнү ачык көрүнүүдө. Билими, тажрыйбасы жагынан шек санай албайбыз. Себеби, дайыма өзүн өнүктүрүү менен алектенип, заман талаптарына жараша алдыга умтулууда. Ал эми адамгерчилиги, туруктуу мүнөзү алкоого алынып, жылуу пикирлерди угуп келебиз. Ооба, мындай жетекчилер сейрек кездешет эмеспи. Андыктан, жооптуу кызматка коюуга мезгил деле келди. Жогорку төбөлдөр көңүл бурушабы?..
Башынан эле ушундай. Көп учурда өң-таанышка карашып, чабал, же булганган кадрларды өстүрүп жиберишет. Ошон үчүн мамлекетибиз өнүкпөй, “шатайтетип” тургандай. Кыргызбайчылыктан бийик боло алабызбы?
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер