Нурали Самидин: “Англис тилин билген адам өз келечегине даңгыр жол ачат”


Нурали Самидин 1991-жылы Ноокат районун Кайрагач айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан соң Ош технологиялык университетинде билим алат. Ал 13 жылдан бери АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жашап, оор жүк ташуучу компаниянын менеджери болуп кызмат аткарып келет. Анын төмөндөгү ой-пикири жаштарга багытталган.
-- Менин Америкага, англис тилине болгон кызыгуум мектеп курактан эле башталган. Бирок, тилекке каршы, англисче-кыргызча китеп, методика жок болгондуктан, айылда аны жеткиликтүү үйрөнө албадым.
2008-жылы мектепти аяктаган соң, ОшТУга тапшырып, англис тилин үйрөнүүгө аракет кылсам да, орус тилин начар билгендиктен бир топ эле кыйынчылыктар болду. Ошон үчүн окуу жайдын жаңылыктар илинчү тактайчасына тез-тез башбагып турчумун. Бир күнү адаттагыдай эле жарнаманы карап, “акысыз англис, корей тилдерин окутабыз” деген маалыматты окуп калып, ошол дарекке бардым. Ал жерде теги канадалык, корей мугалими кыргыз тилинде кабыл алып жатыптыр. Сабактар да кыргыз, англис тилинде өтүлөт экен. Көктөн издегеним жерден табылгандай аябай сүйүнүп, катталып, ал жерде англис тилин үйрөндүм. Андан соң Кыргызстанда алгачкы жолу жарык көргөн “Англис тили 7 айда” китебинин автору Шайлообек Назаралиев агайдын англис тили курсуна катышып, билимимди дагы бекемдеп, тилди жакшы өздөштүрдүм. Эки агайымдын берген китептерин азыркы күнгө чейин сактап, пайдаланып келем. Бул мисал англис тилин кыргыз тили аркылуу эле жакшы, эффективдүү, ыкчам үйрөнсө боло тургандыгынын далили.
Ал жерден көп досторду таап, маалымат алдым. 6-класста окуп жатканда, тест тапшырып, түрк лицейине кабыл алынып, үй-бүлөлүк шартка жараша окуй албай калганыма көпкө чейин өкүнүп жүргөн элем. Бирок, кийин түшүндүм, адам кайсы мекемеде окуганына эмес, кай жерде жүрсө да аракетине жараша өз келечегин курат экен. “Жаштын тилегин Жараткан берет” деп биздин эл таамай айтыптыр. Алдыга чоң максаттарды коюп, катуу аракеттенсе көп нерсе өзүбүздүн колдо тура. Ошон үчүн жаштарга кайрылып, ой-пикирди бөлүшүнү туура көрдүм.
Статистикага таянсак, бүгүнкү күндө англис тили дүйнөдө биринчи катардагы эл аралык тил болуп саналат. Ошондуктан, БУУ, Дүйнөлүк банк, ЮНЕСКО өңдүү эл аралык уюмдар аны негизги жумушчу тил катары колдонушат. Дүйнөдөгү Гарвард, Оксфорд, Кембридж өңдүү университеттер жана эң мыкты окуу жайлар англис тилинде билим беришет. Илимий макалалардын 90 пайызы англисче жарыяланат. Программалоо, авиация, медицина, кино тармагында да англис тили үстөмдүк кылат.
Бул тилди билүү дүйнөлүк билимге, технологияга, бизнеске жана улуттар аралык катнашка түз жол ачып жатат. Англис тилин билген адам дүйнө элдери, өлкөлөрү менен түз байланышта болуп, өз келечегине даңгыр жол ачат. Анткени, англис тили – бул дүйнө менен байланыштыруучу көпүрө. Ошондуктан, ар бир жаш кыргыз жараны эне тилин мыкты билип, англис тилин үйрөнсө, өзүнүн, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошо алат деп тартынбай эле айталы. Мындай жыйынтыкка Латвия, Литва, Эстония, Грузия өңдүү өлкөлөрдөн келген жаштар менен баарлашып, алардын жакшы ийгиликтерге жеткенин көрүп, айтып жатам. Алар алдыда. Бизде бул иш айрыкча айыл жергесинде дале болсо бузулбаган дыңдай жатат.
Урматтуу достор, ини-карындаштар! Эч качан кеч эмес. Ишенич, аракет жана максат баарын өзгөртөт. Баштагыла! Уланткыла! Таштабагыла! XXI кылымда өз эне тилибизди сактоо менен бирге англис тилин өздөштүрүү – заман талабы. Ар бир кыргыз жигити жана кызы өз тилин, маданиятын сыйлап, ошол эле учурда дүйнө элдери менен тең ата сүйлөшө билүүгө тийиш!
"Азия Ньюс" гезити











