Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү баардык өлкөлөр тааный турганын президент айтты


Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн Европа өлкөлөрү, Россия жана башка баардык мамлекеттер тааный турганын билдирди. Бул тууралуу ал 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Европа, Орусия, баардык мамлекеттер тааныды. Эски айдоочулук күбөлүктөр менен паспортторду жаңысына толук алмаштырып чыгабыз. Мен мурда Москвада өз көзүм менен көргөм, Кыргызстандын паспортун (ID-карта) 5 миң, айдоочулук күбөлүктү 3 миң доллардан сатышчу. Баардыгы жасалма болчу. Паспортту өзүбүздөн чыгаруу үчүн 2-3 жыл күрөштүк. Акыр аягы өзүбүздөн чыгара баштадык. Анын коргоочу элементтери жакшы болгондуктан жасап алууга мүмкүн эмес”, - деди президент.
Садыр Жапаров баардык паспорттор менен айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылгандан кийин башка өлкөлөргө эскилерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлөрүн кошумчалады.











