Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шарапты кайсы азык менен аралаштырбоо керек? Дарыгердин кеңеши

Шарапты кайсы азык менен аралаштырбоо керек? Дарыгердин кеңеши

24-август, 11:59
1 552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шарапты кайсы азык менен аралаштырбоо керектигин гастроэнтеролог Анна Денисова жазып чыкты. Дарыгер белгилегендей, шарап, ошондой эле спирт ичимдиктери менен такыр майлуу жана ачуу тамактарды жебеш керек.

“Алсак, сало, колбаса, семга, скумбрия, туздалган жашылча, васаби татымалын шарап менен кошо жегенге болбойт. Өнөкөт оорулары бар адамдар: гастрит же ашказан жарасы менен жапа чеккендерде оору күчөп кетиши мүмкүн. Спирт менен майлуу тамактардын аралашмасы панкреатит оорусуна алып келет. Ал учурда бейтапка бир гана операциялык жол менен жардам көрсөтүлөт” дейт Анна Денисова.

Гастроэнтеролог кошумчалагандай, алкоголду ченеп ичкенде организмге зыяны тийбейт. Күнүнө бир-эки бокал шарапка уруксат, ал эми күнүнө бир бөтөлкө ичүү панкреатит, гастрит же ашказан жарасын күчөтүп жиберет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер