Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдирасулова: “Ансыз да оорукчан бутумду оорутушуп, жерге сүйрөштү...”

Азиза Абдирасулова: “Ансыз да оорукчан бутумду оорутушуп, жерге сүйрөштү...”

21-ноябрь, 19:25
10 435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азиза айым, сизди кечээ “Акүйдүн алдынан милиция кызматкерлери алып кетти” деп угуп калдык, аз өтпөй “кайра коё бериптир” дешти. Окуянын чоо-жайын өз оозуңуздан уксак дедим эле?

-- Анда башынан баштайын. 14-ноябрь күнү “Политклиника” медиасына маек бергем. Ал жерде Кемпир-Абад боюнча өзүмдүн пикиримди айтып, Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге сын пикирлерди айткам. Ал видео 14-ноябрь күнү 16:00дө жарыяланды. 17:00дөн бир аз өткөндө Бишкек ШИИБнин кызматкери Сулайманов мени чакырып, “Фейсбукта аябай активный болуп жазып жатасыз. Мени атайын сизге “эскертүү берип кой” деп жиберишти” деди. “Ким жиберди?” десем, “жиберишти...” деген бойдон калды. Божомолумда, Бишкек ШИИБ башчыларынын тапшырмасы окшойт деп калдым.

-- Бул 14-ноябрь күнү. А 15-ноябрдачы?

-- 15-ноябрда чынында митинг-пикетке чыккан эмесмин. Чыккан күндө кадимкидей эле плакат кармап, “митингге чыктым” деп эле айтчумун. Акүй алдына келгем. Ал жерде бир топ тааныштарды көрдүм. Арасында Сапар Аргынбаев, мен тааныган эки кыз, бир журналист жана 10-15тей милиция кызматкерлери бар экен. Жанына келип “эмне болдуңар?” десем, “Горький паркына кетишти” деди. Мына ушул эле сөз болду. Аңгыча эле баягы полковник келип, “кетпейсиңерби, эмне турасыңар? Горький паркына баргыла!” деп ороңдоду. “Мен пикетке келген жокмун, Горький паркына эмнеге бармак элем, кетем” дедим. Ары жактан Сапар Аргынбаев басып келди. Анан Сапарга “кетпейсиңби” деди эле, “мен эмнеге кетем, митингге келген жокмун” деди. Баягы полковник “бул жерге турбагыла, болбойт!” деп дагы ороңдоду. Ал жерден өзүмчө “котологон милицияларга турганга болот, а эмнеге 3-4 жөнөкөй адамга болбойт?” деп, ары Фрунзе көчөсүн көздөй бастым. Ошол жерден полковниктин “кармагыла!” деген өктөм үнү чыкты. 3-4 милиция мени колтуктан алып кармап, кетирбей койду. Эки-үч жолу кайталанды.  

-- Негедир жанагы полковник сизди “спирт ичимдигин ичип алган” дегенсиди окшойт?

-- Мени, Айсулуу деген кызды жана Сапарды “булар ичип алган” деп айтты да, мени машинени көздөй күчкө салып сүйрөй башташты. Ансыз да оорукчан бутум менен жерге кулап түштүм. Ошол жерден ары-бери көпкө сүйрөп коюшту. 

-- Милициялар анан кайда алпарышты?

-- Сапарды башка, мени башка машина менен алып кетишти. Кетип атып жактоочума чалдым, “мени кармап, наркологияга алып кетип атышат” деп. Жактоочум “машинанын рулунда белеңиз?” дегенде “жок, Акүйдүн алдынан эле” дедим. Наркологияга баргандан кийин мен ал жердегилерге “жактоочум келгенге чейин мен эч бир кадамдарды жасабайм. Жактоочумдун айтканын кылам. Бул менин укугум” дедим. Ал учурда кан басымым, кантым көтөрүлүп кетти. Медицина кызматкерлери баарын ченеп, өздөрү көрүштү. Бирок, эч бир ичимдиктин жок экени далилденди. Мени бул иш боюнча сотко чакырмак болушту да, үйүмө коё беришти. 

-- Чакырыша элекпи?

-- Бүгүн чакырган жок, эртең чакырса керек...        


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер