Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Жумалиев “Гоин”, “Таатан” жана башка объектилерин эмнеге “кускан” эмес?

Кубанычбек Жумалиев “Гоин”, “Таатан” жана башка объектилерин эмнеге “кускан” эмес?

24-май, 19:30
1 033 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Акаевдин доорунда Кубанычбек Жумалиев премьер-министр кызматына чейин жасалма түрдө өсүп жеткен. Дээрлик үлкөн кызматтарды аркалап жүрдү. Ошол кездерде мамлекеттин ири объектилерин “жең ичинен” менчиктештирип, өлөрчө байыганын элдин баары билет. 

Кийин Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев президент болуп турушканда, “кар жаады, из басты” кылып, артын тазалап келген. Бирок Камчыбек Ташиевдин чеңгелинен чыга албай, “Коррупция” беренеси менен айыпталып, камакка алынган. 1 миллиард сом өлчөмүндө казынага “кусуп”, эркиндикке чыкканы белгилүү. Ушул жерден бир маселени эске сала кетели, Кубанычбек Жумалиев мамлекетке өткөзгөн Жалал-Абаддагы ишканасы карызга батканы, талкаланганы ыраспы? Ушул жагынан да “көз боочудай” мант берип, алдап кеткенби? Бишкектеги элиткалары, объектилери, “Гоин”, “Таатан” ж.б. байлыктарын эмнеге “кускан” эмес? Балким дагы текшерүүгө алынса, карапайым калктан уурдаганын өткөзүп береби?.. Күтөбүз.

Айтмакчы, Кубанычбек Жумалиев камалганда жүрөгү кармап, байбачалар жатчу “Бикард” жеке менчик ооруканасында дарыланып чыккан. Инфаркт алганы айтылган. Кийинки кезде инсульт кармап, ден соолугу солгундап калганы кабарланган эле. Чиригенче байыганы менен коом астында жараксыз болуп калдыбы? Эч ким дүнүйө-мүлктү артынып тиги дүйнөгө кете албайт эмеспи. Кеч болуп кала электе тоноп алганын кайра ордуна коёбу? Же сөзсүз эле Камчыбек Ташиев кайра камакка алып, каарын салыш керекпи? Убакыт бар. Эми Куран кармап актанса деле окшошпой калды го... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер