Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Нормальный келиндер оорубаш керек!” деген кайненемдин сөзү мени өзгөрттү

“Нормальный келиндер оорубаш керек!” деген кайненемдин сөзү мени өзгөрттү

19-май, 19:10
1 156 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дене табым так канча экенин билбейм, бирок, денем ысып, терим куюлуп жаткан. Кадам таштаганды мындай кой, дем алганга шайым жок эле. Ошентсе дагы басып бараттым. Акыркы күчүмдү топтодум. Өзүмдү кудум согуш талаасындагы жарадар жоокердей сездим. Ал кезде мен жөн гана бактылуу болууну чечкем.

Артыман чуркап, өмүр бою кам көрөрүн айтып, сүйүүсүн арнаган баягы күйөөм жок. Себепсиз кызганат, отуруп алып мээмди жейт, ачуу сөздөрү менен ыйлатат. Чыркырап чындыкты айтсам дагы, кайненемдин калпына ишенет. Бир жаштагы балабыз чарчап калгандан кийин ал үйдө (жок, үй эмес, тозокто!) жашоо болбой калды. “Сенин айыңан” деген сөздү бир күндө жүз жолу угам. Тынч отуруп чай иче албайм. Жумуштан үйгө (жок, үй эмес, тозокко) баргым келбейт. Кайненем дарбазадан чыгып алып, “ай, тез бас, жумуш күтүп калды” деп көчөнүн баарына бакырат. Уялганымдан жерге кирип кетким келет. Баса, күйөөм барбы же жокпу – билинбей деле калды. Түнү менен көчөлөп жүрөт, ичет, кумар оюнун ойнойт, тапканынын баарын ошол жакка салат. “Кел, ачык отуруп сүйлөшөлүчү?” деп диалогго чакырсам сөгөт.

Баламдын кийимдерин жыттап жатчу адат таап алдым. Акыры ооруп калдым. Бирөөсү басып келип суу бергенге жараган жок. Кайра “жалпыйып жатабы?”, “тамак даяр эмеспи?”, “кирлер толуп кетиптир”, “ай, турбайсыңбы?!” ж.б. дешет. Эң өкүнүчтүүсү, кайненемдин “нормальный келиндер оорубаш керек!” деген сөзү болду. 

Акыры келин эмес, адам болууну чечтим. Жетишет! Мен силердин кызматкериңер эмесмин! Жетишет! Мен адаммын! Жетишет! Мен бактылуу болууга татыктуумун! Жетишет! Менин дагы укуктарым бар! Жетишет! Бирөөдөн эч жерим кем эмес! Жетишет!..

Тозоктон чыгып кеттим. Сүйлөнгөн боюнча кала беришти. Аттиң! Адамдар оңолбойт тура, “себиңди бербейбиз” дешкенде, айласыздан күлдүм.

...Апей, кой, мен турайын. Эскини эстегиче кызым менен күйөөм күтүп калды. Бүгүн кафеге барып тамактанмакпыз. Атайын жумуштан эртерээк суранып чыктым. Тигине, экөө мага кол булгалап жатышат. Кызымды көтөрүп турган жолдошумдун көзүнөн мага болгон сүйүүсү жанып турат. Учурда бактылуумун!

@brak__kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер