Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Диана Мамаюсупова: “Моцарттын музейинде болуп, аябай кубандым”

Диана Мамаюсупова: “Моцарттын музейинде болуп, аябай кубандым”

17-май, 20:31
505 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле Италиянын Рим шаарында «Alliance of Talents» уюштурган пианисттер арасындагы «Art & Culture piano competition» сынагы болуп өттү. Эл аралык иш-чарада биздин өлкөнүн атынан П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин педагогу Г.Ф.Шипулинанын классынын 12 жаштагы окуучусу, жаш талант Диана Мамаюсупова катышып, 1-орунду багындырды. 

-- Диана, Рим шаарындагы пианисттер арасындагы сынакка кандайча барып калдың?

-- Мен пианинодо ойногонду абдан жакшы көрөм. Беш жылдан бери П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде окуйм. Биздин мектеп жыл сайын башка өлкөлөрдө өтүп жаткан сынактар боюнча маалымат берип турат. Бул жылы Италиянын Рим шаарында өткөн сынакты тандап алдым. Анткени, Рим – бул эң быйыркы жана маданияты бай шаар. Чынында эле Рим шаары абдан кооз экен, мага жакты.

-- Буга чейин эл аралык сынактарга катышкансыңбы?

-- 2020-жылдын декабрь айында Москва шаарында «International Art Competition» жана 2021-жылдын январь айында Голландиянын Амстердам шаарында «Netherlandish Golden Tulip» сынактарына катышуу менен 1-орунга ээ болуп, биринчи даражадагы эл аралык лауреат болууга жетишкем.

-- Бу жолку сынакта кайсы чыгармаларды аткардың? Сүрдөп, аз-маз болсо да толкунданган учур болдубу?

-- Аталган конкурс Римдин суктандырган чыгармачыл атмосферага бөлөнгөн байыркы мектептеринин биринде болуп өттү. Сынактын 1-турунда И.С.Бахтын "Маленькая прелюдия" жана Кулаунын "Сонатина", ал эми 2-турунда #7 Гармонический этюд, Глиэранын "9-прелюдия" чыгармаларын аткардым. Эч кандай сүрдөп жана толкунданууну байкаганым жок.

-- Кумир туткан пианистиң ким?

-- Кумирим Вольфганг Амадей Моцарт. Австриянын Вена шаарында жайгашкан Моцарттын музейинде болуп, аябай кубандым. Балалык кыялым орундалды.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер