Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адамдын семирип кетүүсүнүн үч башкы себеби кайсылар?

Адамдын семирип кетүүсүнүн үч башкы себеби кайсылар?

25-август, 19:59
2 696 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова “Sputnik Кыргызстан” радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, ашыкча салмак кант диабетинин пайда болушуна жана башка жүрөк кан тамыр ооруларынын жаралышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

“Адамдардын ашыкча салмак кошуп алышынын башкы үч себеби бар. Алартуура эмес тамактануу, генетика жана гормондордун бузулушу. Өзүнүн семирип баратканын түшүнгөн адам алгач эндокринологго кайрылып, себебин аныктап алганы жакшы. Анткени арыктайм деген айрым адамдар дароо эле диета кармоодон башташат. Эгер толуп кетүүсүнүн себеби туура эмес тамактануу болбосо, анда мындай диеталар организмге олуттуу зыян келтирип коюшу мүмкүн. Дагы бир маанилүү маселе  бизде туура тамактануу дегенди калориялуу азык-түлүктөрдү жеш керек деп түшүнгөндөр да жок эмес. Тескерисинче, майлуу, күчтүү тамактар организм үчүн пайдасы аз азыктар болуп эсептелет. Дүйнөдө семирип кетүүнү кедей өлкөлөрдүн оорусу деп аташат. Анткени калкы бай жашаган мамлекеттерде адамдар жашылча-жемиштерди төрт мезгил бою жеп, туура тамактанууга далалаттанышат” деди Турсункулова.

Дарыгер таттуу, газы бар суусундуктар да салмак кошууга өбөлгө болорун кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер