Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чуу жараткан видеого Марат Аманкулов кандай жооп берди?

Чуу жараткан видеого Марат Аманкулов кандай жооп берди?

26-сентябрь, 13:47
1 195 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аталган видео чагымчылдык болуп эсептелет. Бул 2019-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылын ѳткѳрүүнүн алдында Москва шаарында ѳткѳрүлгѳн маданий иш-чара болчу.

Иш-чарада Евразия мейкиндигиндеги жалпы цивилизацияны эске алуу менен кызматташуудагы тарыхый-маданий жана элдердин маданий-тарыхый байланыштары жѳнүндѳгү маселелер кеңири талкууланган.

Мен Мамдуманын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы тѳрагасы, Кыргызстандын чоң досу, Алтай цивилизациясы идеясынын туруктуу жактоочусу Иван Итулович Белековдун чын дилинен айткандарына жооп иретинде сѳз сүйлѳгѳм.

Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразия элдеринин тамырынын бир экендиги, байыркы евразиялык тарыхтагы Энесайдан Каспийге чейинки созулган Кыргыз каганатынын ролу тууралуу сүйлѳгѳн.

Менин сѳзүм жалпы контексттен кыркылып алынып, айрым саясый күчтѳр тарабынан шайлоо кампаниясындагы ыплас технологияларга пайдаланылды. Чагымчылдык аракеттерди жасап, элдерди бѳлгѳндүн ордуна жаңы тарыхый глобализациянын шартында интеграциялашуу идеясын колдоого алуу керек деп эсептейм.

«Биримдик» саясый партиясы патриоттук платформага негизделген, биздин башкы баалуулук болуп кѳз карандысыздык, суверенитет, аймактык бүтүндүк жана Кыргызстандын кызыкчылыгына тѳп келген приоритеттер эсептелет! Кѳз карандысыздык – биздин элдин эң улуу жетишкендиги. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактоо жана бекемдѳѳ – ар бир жарандын ыйык милдети!” деген Марат Аманкулов.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер