» Саясат » Шайлоонун “шайтан оюндарын” Гаипкулов менен Шайназаров жүргүзөбү?
Шайлоонун “шайтан оюндарын” Гаипкулов менен Шайназаров жүргүзөбү?
05-апрель, 20:43
824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
28-апрелде Ош, Кара-Суу жана Баткен округдарынан парламентке шайлоо өтөт. Негизи эле БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага ишенбей калышканы жөн жерден эмеспи? Компьютер аркылуу каалаган талапкерин алдыга чыгарып коёбу? Мындай пикир басымдуу деңгээлде козуп турат. Береги үч округдан кимдерди өткөзөрүн алдын ала Искендер Гаипкулов менен Тынчтык Шайназаров аркылуу сүйлөшүп, андан соң көмүскөдөн “соодалашуу” кызыйбы? Бул суроого жооп узатып коюшсун да. Баткенден Арзыбек Буркановдун адамы уруп чыкса, Ош, Кара-Суудан да бийликке ыңгайлуу талапкерлер жеңишке жетишеби? Баам сала туралы. Шайлоонун “шайтан оюндарын” Искендер Гаипкулов менен Тынчтык Шайназаров калчап жатышса, Нуржан Шайлдабекова көзөмөлгө алып отурабы? Негизи буларга, өзгөчө Шайлдабековага өткөн шайлоолордо эле ишеним кеткени жалганбы? “Сол чөнтөк” деген балээ болду го?..