Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Садыр менен Камчы араздашып, “доско таба, душманга күлкү” болушабы?

Сабыр Муканбетов: “Садыр менен Камчы араздашып, “доско таба, душманга күлкү” болушабы?

20-октябрь, 16:28
1 477 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- УКМК аскерлери Камчыбек Көлбаевди атып өлтүргөндөн кийин Камчыбек Ташиевдин таасири артып, чоң саясатта мындан дагы секирик жасоого жол ачылдыбы? 

-- Криминалдар бийликти көзгө илбей, өз билгендерин жасаган 90-жылдардагы заман элдин эсинде. Андыктан мамлекеттин кылмышкерлерди ооздуктоо аракеттерин эл дайыма колдоого алып келет. 

Эки достун бул багыттагы кылып аткан аракеттери деле Садыр Жапаровдун бийликке келгенде айткан, берген убадаларынын алкагында эле жүрүп жатат да. Бирок президенттин кечээги, Көлбаев атылып өлтүрүлгөн окуя тууралуу “мен да силер сыяктуу эле интернеттен окуп, башкы прокурорду билип келүүгө жибердим” дегени ар кандай күдүк ойлорду, түркүн талкууларды жаратты.

Укук коргоо органдары козголгон кылмыш иштеринин алкагында ар кандай иш-чараларды, кармоолорду мыйзам чегинде өткөрө берет, ар бир кадамын жогорку бийлик менен макулдашып отурбайт. Ошондой учурда күтүлбөгөн окуялар болуп, кылмышкерлер курал менен каршылык көрсөткөн, атышып жаракат алган, мерт болгон учурлар да көп эле кездешет. Кеп ошо “болору болуп, боёосу канып”, Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин да УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин мамлекет башчысына – досуна доложить этпегени, анан тиги досунун “интернеттен окудум” дегени таңкалычтуу эмеспи? 

-- Интригага жем таштагандай...

-- Мындай окуя кенедей Кыргызстанда эмес, үлкөн мамлекеттерде болгон күндө да, мисалы, Путинге, Байденге, же башкабы, чагылгандай тездик менен доложить этилмек. Себеби, кылмыш дүйнөсүнүн мамлекеттеги стабилдүүлүккө тикелей таасири күч экени белгилүү. Анүстүнө бул катардагы окуя эмес. Кыргызстандагы кылмышкерлердин анабашчысы, таасири Орто Азияга тараган, атагы АКШнын кара тизмесине чейин кирген “мыйзамдагы ууру” атышуудан мерт болуп атса, “интернеттен окуп алат да” дегенсип мамлекет башчысына айтпай коюусун чынында түшүнүү кыйын болуп калды. 

УКМК жетекчисинин каарынан чочулаган коом кухняларда шыбырашып отурат. Ал эми Феликс Куловдун “Ташиев балким шаарда жок болгондур” деп жымсалдаганы күлкүнү гана келтирет. Себеби, Ташиевсиз бул операция жасалышы мүмкүн эмес экенин баары билет. Андыктан, кандай деген күндө да, Садыр Жапаров бул билдирүүсү менен көптөгөн ой толгоолорго жем таштап койду. Биринчиден, “досунун” өзүм билемдигине нааразычылыгы бар экендигинин четин кыйытты, экинчиден, Камчы Көлбаевдин жок кылынышына тийешеси жок экенин билгизгиси келди го... 

-- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилеси бузулушуна көптөгөн саясый күчтөр кызыкдар экенин байкап келебиз. Бул боюнча келечекке карай кандай божомолдор бар?

-- Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы аракеттеринин аркасында көптөгөн саясатчылар, бизнесмендер, шылуундар камалышып, ичкен-жегендерин “кусуп” атышат. Бул 30 жыл тонолуп, “итке минип”, шорлоп, ишеними өлүп бараткан элге майдай эле жагып, катуу колдоого ээ болуп, эки достун буга чейинки жана учурда кетирип жаткан каталыктарынын баарын кечирүүгө даяр болуп атканын да көрбөй, айтпай коё албайбыз. Себеби ошол ууру, коррупционерлердин айынан мамлекеттин келечеги күңүрттөнүп, мамлекет жок болуу чегине жакындап калганы да чындык. 

Коррупционерлер, ууру-кескилер, алар менен шыбагалаштарга мындай күрөш, албетте, жаккан жери жок. Алар ачык айта алышпай, коркуп коңулда жатып күбүрөшүп-шыбырашып, эки достун арка-мойну астында калган күндү эңсешүүдө. 

“Коррупция менен күрөш – эл үчүн эңгирөө!” урааны астында адам укуктары чектелип, мыйзамсыз камоолор, өзүмбилемдиктер да күч алып баратат. Ошол эле учурда достуктун күчү менен эриш-аркак болуп бийликке келген Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосун да “кара мышык” аралап кеткени тууралуу кеп-сөздөр айтылып жүрөт. Мындай сөздөр буга чейин да бир нече ирет чыгып, достор түшүндүрмө берип, “баары жакшы, болбогон ушак” деген мааниде жайкаганга аракет кылышкан. Бирок ал сөздөргө коомчулук ынанган эмес. Эки достун айланасындагы жан-жөөкөрлөрдүн, фейк фермалардын акыйнеги да “кара мышык” бекер кеп эмес экенин тастыктагансып калган.

Камчыбек Ташиевдин амбициясын, активдүүлүгүн “биринчини” көзгө илбегендик катары баалап, өз жандары үчүн Садыр Жапаровго ашкере жан тартымыш болуп жандалбас урган “соратниктер” да, “сизди такыр тоготпой калды” дегендей отко май чачышып, Ташиевдин айланасы да аны ашкере кубаттап, “сиз гана жарайсыз, алга, “даканса!” деп күчөтүп аткандай. 

Мындай эрегишүүнүн баары качанкы бир эки достун ортосундагы “мен сени президент кылам, мага баатырдыкты бересиң”. “Жарайт, анда менден кийин сен болосуң, ким шертти бузса катын!” деген сыяктуу сөздөр болгон-болбогонун тактала элек, саясый чөйрөдө айтылууда.

“Садырды убадасынан тайдырууну көздөгөндөр бар” деп ишенген Камчы да “андай болсо мен да өз билгенимди кылам, мендеги компроматтар чыкса Садыр соо калат бекен?” деп жинденип, ортолорунда бир нече ирет кыжыңдашуу болгону тууралуу тар чөйрөдө айтылып жүрөт.

-- Бишкекке Путин келип кеткенден кийин да Россиянын эксперти саясый талдоонун чекесин чыгарды го?..

-- Ооба, КМШнын кечээги өткөн саммитине келген орус тыңчылары “кыргыз ордодогу” күбүр-шыбырды угуп, ЖМКлар аркылуу ортого оюнду салды эле, бул маселе кайрадан “дүң” деп баарыбыз ушинтип талкуулап жатып калдык. 

Садыр Жапаровду мөөнөтүнөн мурда кетирип, Камчыбек Ташиевди такка отургузуп ийгенге чейин барып жатабыз. “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, Камчыбек Ташиевдин тактыга умтулуусу болбосо бул сөз кайдан чыкмак? Бирок, “президент болом” деп умтулса, Ташиевди ал үчүн айыптоого болбойт. Себеби, Кыргызстандын ар бир жаранынын каалоого, умтулууга, аракеттенүүгө мыйзамдуу акысы бар. Камчыдан башка бирөө чамынып чыкса, “чабал өрдөк мурда учат” деп анча деле этибар алмак эмеспиз. Бүт Кыргызстандын “мен” деген дөө-шааларынын баарын калчылдатып, жүрөк үшүн алып, баш бербей, ийилбей аткан жалгыз атаандашар Адахан Мадумаровду зынданга салып, дээрлик жолун тазалап койгон Камчыбек Ташиев тууралуу сөз козголгон үчүн гана ушундай резонанстуу талкуу болуп жатат. 

“Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, эки дос эмненин ичинен чыгат? Балким Садыр чын эле айткан сөзүнө туруп, Камчыны мураскер кылабы? Же өзүмбилемдигине тоюп кетип, эки дос араздашып, “доско таба, душманга күлкү” болушабы? Аны айтуу кыйын. Айтор, дүйнө кайра форматташып, дөө-шаалар жакалашып, кан суудай агып атканда сынган кол жең ичинде болуп, бөлүнүп-жарылбай, ызы-чуу болуп чабышпай, бир муштумдай ынтымакта турганыбыз эле оң.

-- Соңку суроомду сырткы дүйнөнүн алааматына бурсам... Израиль колбашчысы каршылаштарын тыптыйпыл кылып талкалоого багыт алганын айтты. Бул согуштун акыры кандай жыйынтыкталышы мүмкүн?

-- Израилдин коргоо министри палестиналыктарды “эки аяктуу айбандар” деп атап, “аларды тыптыйпыл кырабыз” деген чакырыгы холокосту көргөн элдин айтар сөзү эмес. Хамастын чектен чыккан террордук актысы карапайым адамдарга, балдар, аялдар, картаңдарга жасаган мыкаачылыгы, албетте, эч кандай актоого жатпайт. Бирок Израилдин ошону бетке кармоо менен андан ашкан мыкаачылыктарга барып, миңдеген аскер эмес жөнөкөй жарандарды бомбалап кырып жатканын кантип колдоого болот? 

Бир жумага жетпеген убакта ылгабай бомбалоо аркасында 3 миңден ашык жөнөкөй жаран өлтүрүлүп, свет, суу берүү токтотулуп, 1 миллиондон ашык адамга 24 саат ичинде үй-жайын таштап кетүү ультиматуму берилди.

Украинада капыстан ракетанын сыныгы түшүп, 2-3 адам өлсө, көчүгү түшкөн аюудай бир ай тынымсыз айкырган Батыш пропагандасынын Палестинанын карапайым адамдарын миңдеп ылгабай бомбалап өлтүрүлүп атканын колдоп атканын кандай түшүнөбүз? Аларга акча берсе болду экен да, эч кандай моралдык чек калбаптыр! 

АКШ да кузгундай болуп, авианоцестери менен жетип келди. Иран, Ливан, Иордания Израилге кол салып ийбесин деп калкалап, палестиналыктарды жөөттөр каалашынча кырып алсын (!) дегенсип Израилди колдоп турат. 

Учурдан пайдаланып Иранга кол салып, Жакынкы Чыгыштын тоз-тополоңу чыгып, үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши да толук мүмкүн. Суверендүүлүктүн баркын түшүнгөн мамлекеттер көбөйүп, гегемондугунун кейпи кетип аткан АКШ мусулман, араб өлкөлөрүн калчылдатып, чөгөлөтүп БРИКСке кошулган, кошулуу үчүн кезекте тургандардын мизин майтарууга кызыкдар экени да бештен белгилүү. 

Айтор, дүйнө өтө кооптуу бөлүнүп-жарылуу кезегине кептелди. Аман-эсен чыгабызбы же айыгышуу адамзатты акыр заманга кептейби? Ага кимдин көзү жетет?..


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер