«Кассандра эн тамгасы»... же бала тарбиялоодогу ата-эненин кайдыгерлиги


Кыргыз коомчулугу азыркы учурда желе баскан жандγйнөсγнө терең талдоо жасап, жан кейиткен маңкуртчулуктун дартынан айыгууга далбас уруп аракеттене баштаганы жогорку бийликтин саясый чечимдеринен баштап, социалдык тармактардагы кызуу талкуулардан ачык байкалат. Талкууланган темалар бир гана билим берγγ, тарбиялоо жаатындагы көйгөйдөн, жалпы журтубуздун жандγйнөсγнө дγрбөлөң түшγрчγ көрγнγшкө чейин өсγп чыгып, коомдук ой пикирдин өзүн-өзү сын көз караш менен кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болгонун көрсөтγп турат. Алсыз аялдарды, жаш балдарды басмырлоо, өлтүрүү бир тарабынан болсо, өспүрүм курактагы балдардын өз өмγрγнө кол салуу учурлары өсγп кеткендигинин себептерин жана аны азайтуунун алгылыктуу жолдорун аныктоо иштери социалдык мекемелердин гана эмес, ата-эне болгон ар бир инсанды ойлондурчу маселе экендигин коомчулук моюнга алгандай болуп турат. Кыргыз коомчулугу алсыздыкты, акылсыздыкты четке кагып, дароо идеалдуу боло калчу, баардык күнөөнү адатыбызча бечара мугалим менен мектепти айыптоодон алыстай албагандарыбыз да арбын экендиги калыптанган ой жγгγртγγнγн чегинен ары чыга албагандардын айткан ойлору мисал...
Албетте, мындай кайгылуу окуяларга мектептин да жоопкерчилиги болуш керек, бирок Ширин Айтматованын сөзγ менен айтканда, «ошол өгөйлөгөн чөйрөнγн, запкы көрсөткөн мугалимдин, классташ курбуларынын басымынан эң биринчи баланы коргоп кала турган, ага рухий кγч берип турган γй-бγлө менен ата-эне болуш керектиги талашсыз. Кан-жаныңыздан жаралган баланын жандγйнөсγндө, мγнөзγндө жана жγрγш-турушунда эмне өзгөрγγлөр болуп жаткандыгын алдын ала сезип-билип турушу – анын негизги милдети эмеспи». Баланы тарбиялоодогу кыргыз коомчулугунун кайдыгерлиги, айрыкча ата-энелердин жоопкерсиздиги, аскадай бийик рухтагы ата-эненин камкордугунда тарбияланып өскөн инсанды тγйшөлтγп жаткандыгы көрγнγп турат. Европанын жашоо деңгээлинин, маданиятынын жана инсандыгын урматтоонун бийик γлгγсγндө калыптанган Ширин Айтматованы биз γчγн көнγмγш болуп калган баланы γй-бγлөдөгγ эң жакын адамдары тарабынан басынтуу, уруп-согуу менен тарбиялаганы жагымсыз көрγнγп турганы талашсыз. Атасынын алп таланты тарабынан алдын ала айтылган «Кассандранын эн тамгасы» басылган балдардын трагедиялуу тагдырынын тγйγнγн жазуучунун кызы кошо чечишип тургандыгы бир эсе символикалуу, бир эсе табигый нерседей сезилет. Чындыгында эле рухий жардылыктан, ашынган ачкөздγктγ жамынган материалдык байлыкты топтоо жарышынын албуут чабуулунан чарчаган эне менен атанын алсыздыгы, баланын ички дγйнөсγнө кызыкпаган кош көңγлдγгү жана тарбиялоо жаатындагы сабатсыздыгы бγгγнкγ баланын, эртеңки инсандын бактысыздыгына алып келγγдө. Эмне кылуу керек?
Биз ата-эне же тарбиячы болуп төрөлбөйбγз, бул эң жооптуу милдеттин сырларын, практикалык ыкмаларын өмγр бою өздөштγрγп отуруубуз зарыл. Эң негизгиси, ар бир ата-эне өз ой жγгγртγγсγндөгγ жана жγрγм турумундагы «илгери бизди ушинтип эле тарбиялаган», «башкалар деле ушинтет» деген жаңылыш мифтерден арылуубуз абзел. Наристени ар кандай «албарсты, жез тумшук, чоочун адам» сыяктуу элестер менен коркутуудан, дайыма балага γн көтөрγп буйрук берген адатыбыздан алыстасак. Анткени психолог окумуштуулардын изилдөөлөрγ боюнча ата-эненин мындай «катуу» тарбиясы баланын психикасына орду толбос терс өзгөрγγлөрдγ алып келет. Биздин ар бир кыйкырганыбыз, ойлонбогон сөздөрγбγз, кол көтөргөнγбγз баланын жγрөгγндө таарыныч тγрγндөгγ так болуп кала берет. Ал эми акыйкатсыз сөздөргө, жагымсыз мамилеге болгон таарынычтан баардык терс сапаттар – өч алууга умтулуу, ташбоордук жана ырайымсыздык өнγп чыгат. Баланын эркин каалоолорун дайыма басып жана басынтуу менен биз анын мγнөзγн майтарып, өзгө адамдардын талаптарына тез эле багынып берген эрки бош бечараны калыптандырабыз. Сөзγнө, убадасына тура албай башка адамдардын жана турмуштук ар кандай кырдаалдардын шартына көнγп берген ишенимсиз адамдар айланабызда көп болсо, демек, алар «катуу жана буйрукчул» ата-энелердин ишмердγγлγгγнγн жемиши болуп саналат. Эң эле коркунучтуусу, кийинки турмуш жолунда өз кыялына жана максатына жетγγ γчγн кγрөшө албаган, өз позициясынан тез эле баш тарткан оома, коркок адамдын бактысыз тагдыры кγтγп турат. Инсандын өз алдынчалыгын, өжөрлγгγн жок кылууда анын жеке жашоосунда гана эмес, коомдук ишинде да натыйжалуу ийгиликтер болбой турганы канча деген адамдардын трагедиялуу тагдыры аркылуу далилденип отурат. Эгерде биз балабызды чындап сγйсөк, анын каалоолоруна жана умтулууларына негизделген эркин эч качан басынтпоого аракет жасообуз керек. Жаныбызда жанаша жашап келген орус балдарынын эркин өскөндγгγнγн терс жактарын гана эмес, тартынбастыгын жана өз алдынчалуулугун эрте калыптандырган эрктγγ мγнөзгө ээ болгондугунан да γлгγ алышыбыз керек. Жакындан бери биз менен мамилелеш боло баштаган араб улутунун ата-энелери өз балдарын γйдө тургай коомдук жайларда да опсуз тыюу салып чектей берγγдөн алыс экендигин көрγп, “алар өз балдарынын эркин, эр жγрөк болуп өсγшγнө атайын шарт тγзөт турбайбы” деген ойго келесиң. Ал эми жөөттөрдγн жаш муундары адам чөйрөсγнγн реалдуу турмушунда ийгиликтγγ болуусун кадимки көрγнγш катары көрγп, өз кудуретине ушунчалык ишенимдγγ тарбияланганы, ата-энелиринин балдарына карата келечектин гениалдуу ээсиндей сый-урмат жасаганга шарт тγзөт. Учурдун катаал талабына ылайык өз жөндөмγнө ишеними бекем, туруктуу мγнөзгө ээ болгон инсан гана γй-бγлөсγн да, коомдук ишин да ийгиликтγγ жолго баштап кете алат.
Ал эми биздин коомдо мектеп мугалими γйдө басынган кыргыз баласын канчалык эркин ой жγгγртγγгө, өз ара сыйлашуу мамилесине γйрөткөнγ менен баланын реалдуу турмуштук тажрыйбасы кγчтγγрөк болуп жатканы табигый нерсе. Ар бир адам ата-эне катары балага карата мамилесин талдап, анын балалыгынын «чек арасын бузуп», баскынчылык кылуудан өзγн токтотуусу өтө маанилγγ, анткени анын кичине болсо да өз дγйнөсγ, баалуулуктары бар. Ал чек ара убакыт өткөн сайын кеңейип өзгөрγшγ мγмкγн, аны моюнга алып, кичине адамга жөнөкөй жана токтоо мγнөздө баарлашып, мамиле жасоого γйрөнγшγбγз керек. Биздин чарчообузга, жемишсиз иштерибизге, жетишпеген турмушубузга балдар жооп бере албайт. Жаш ата-энелердин өз карьерасы менен өтө алагды болуп же көртириликтин сазына терең батып кеткендиктен, жаш балдардын жандүйнөсүн телефондогу алаксытма, башаламан контенттердин агымына таштап койгондугу да тынчсыздандырат. Анткени али калыптана элек аң-сезимдин сапаты, мааниси төмөн турган башка тилдеги аудио-видеолорду көрүүгө даяр эместиги, баланын жандүйнөсүн, ой жүгүртүүсүн, сабаттуу кебинин калыптанышына тоскоол боло тургандыгын окумуштуулар айтып келишет.
Чоңдордун бай руху, адамгерчиликтγγ мамилеси жана ийгиликтγγ турмушу гана кыйкырыктарга, куру акыл-насааттарга караганда натыйжалуу тарбиялай турганын көрγп жатабыз. Азыр ата-энелер жакшы сөздөр менен да, ыймандуу мγнөз менен да, ырыскылуу турмуш менен да тарбиялай албай жатабыз. Алтургай улут атасы болууга умтулган кайсы бир улутман улуу адамдарыбыз да дγнγйнөнγн кулу, акчанын жана тааныштыктын тар кызыкчылыгынан ары чыга албай калганыбыз көрγнγп турбайбы. Кыргызда ошондуктан «Көргөнγ жакшы», «Көрбөгөндγн көргөнγ курусун», «Көр көргөнγн кылат, көсөө тγрткөнγн кылат» деген лакаптар айтылып калса керек. Жакшылыктын булагынан кана жуткан баланын жандγйнөсγ гана турмуштун ыплас жактарынан алыс болуп, аларды ажырата таанып, айланып өтγшγ мγмкγн. Кайсы бир ата-энелер турмуштун көп кырдуу жактарынан баланын жандγйнөсγн чектеп, аны окуу же кайсы бир музыкалык аспапта ойноо менен чектөөгө аракет жасап, көп учурда баланын эмес өзγнγн ийгилигин ошол чөйрөдөн гана көрγшөт. Бирок азыркы учурдун талабын талдай келсек, чыныгы ийгиликке жетγγ γчγн жакшы окуу менен бирге, эң негизгиси, туруктуу мγнөз, эмгекчилдик жана бекем эрк керек экендиги талашсыз. Орто окуган бала так ушундай сапаттардын жардамы аркылуу көбγрөөк ийгиликке жетишип, ал эми окууда гана мыкты жетишкен жөндөмдγγлөр өзγн өзгөчө көрγп, адамдар менен тил табыша албай, арабөк калып жатканына турмуш арбын мисал келтирγγдө.
Ар кандай жөндөмгө, мγнөзгө ээ болгон ар курактагы балдарыбызга туура мамилени өз убагында ата-эне γйрөтγшγ зарыл экендиги айныгыс аксиома. Ошондуктан биз эркин ой жγгγрткөн, чыгармачыл, ошону менен бирге турмушка бышкан, башкалар менен сый мамиле түзө билген инсандарды тарбиялоону γйдөн, ата-энелердин балага карата жаңыча көз карашынан жана мамилесинен баштообуз зарыл.
Курманкан Абдиева, кесиптик билим берүүнүн мыктысы
"Азия Ньюс" гезити











