Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшырды

Равшан Жээнбеков талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшырды

12-октябрь, 12:09
1 218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бүгүн 12-октябрда аны БШКга абак кызматкерлеринин коштоосунда алып барышты.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Жээнбеков шайлоого бир мандаттуу округдан катышууга ниеттенип жатканын, аны каттабай коюуга себеп жок деген пикирин айтты.

“Андай кооптонуу деле жок. Эгер мыйзамды бузса каттабай коёт. Башка учурда катташы керек. Бир мандаттуудан да оппозиция барышы керек. Таза шайлоо бир гана учурда болот – эгерде оппозиция парламентке келе турган болсо”.

Саясатчы Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер болууга арыз тапшырды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандар арызын 13-октябрга чейин бериши зарыл. Талапкерлерди каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер