Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубатбек Жусубалиев: “Баарын таштап, үйүңөн качып кетсең өзүңдү жеңесиң...”

Кубатбек Жусубалиев: “Баарын таштап, үйүңөн качып кетсең өзүңдү жеңесиң...”

02-январь, 09:06
4 246 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” аталышындагы чыгармачылык кайрымдуулук кечеси өттү. Кубат акени сагынган чыгармачыл чөйрөнүн чери жазылгандай болду. Уюштуруучулар түшкөн каражатка жазуучунун “Муздак дубалдар” аталышындагы чыгармалар жыйнагын басып чыгаруу максаты болууда. Эл издеген китеп тезирээк эл колуна тийсин! Жазуучунун жолун жолдогон, мыкты кыздардын катарын толуктаган Жамбы Жусубалиева эжеге да ийгилик кааламакчыбыз. Түбөлүктүү теманы камтыган, бир топ жылдар мурун курган маек назарыңыздарда!

-- Сиз узакка созулган жалгыздыктан эмне табасыз?

-- Жалгыздык... Бул тууралуу абдан көп сурашат. Көп айттым. Күркүрөгөн, шаркыраган көпчүлүкпү? Эл арасыбы же тунжураган жалгыздыкпы – бул кеп эмес. Сөз эмес. Сенин бакытың – өзүңө-өзүң жолугуу. Жол издөө. Мунун баары бет алдыңда карап турбайт. Акырындапакырындап, илкип-калкып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп жээкке жакындайсың.

-- Өлүм менен өмүрдүн ортосу бакытпы же кайгыбы?

-- Ушуну билбейсиңерби ай! Өмүргө келүү, төрөлүү – албетте бакыт. Көп кишилер ажырата албай калышат. Өмүргө келдиң, болду, өлүм деген жок. Бир гана өмүргө келген бир ишиң – ушуну түшүнүү. Өлүм жок экендигин түшүнүп-билүү.

-- Кандай түштөрдү көрөсүз?

-- Бир ойчулдан бул тууралуу сурашканда «бул дүйнө деген түш» деген. Сен бул дүйнөгө жаралып, жашап жаткандыгыңдын өзү түш. Эс тарткандан бери эсиңде калып, көрүп жаткан ак-кара турмушуң, кайгың, ыйлаганың, күлгөнүң, жанагы менин 70 жылдык мааракемди көргөнүң – баары эле түш.

-- Бул дүйнө каякка барат? Эмне менен бүтөт?

-- Ушул суроону берсең, мен бир нерсени эстеп кеттим. Тоодон бир жигит келип, «сизге бир суроом бар эле, жооп бере аласызбы?» дейт. Айтчы?” десем, алдагы сенин сурооңду берди. Дүйнө кайда бармак эле, тегирменге барат дедим. Улуу тегирмен айланып жатат. Дүйнө, биз – баарыбыз унга айланабыз. Ундай үбөлөндү болобуз.

-- Чыңгыз Айтматовду баалайсызбы? Дүйнөлүк жазуучулардан өзгөчө баалаганыңыз ким?

-- Девид Селинджер. Американын жазуучусу. Бу дүйнөдөн кеткенине бир жылдай эле болду. 90 жаштан өтүп кетти. Бу киши 50-60ка келгенде баарын таштады. Баарынан качып кетти. Ал китепти көп окуган. Бир күнү өзүн тапты. «Над пропастью во ржи» деген чыгармасы бүт дүйнөгө тараган. Бул киши миллиардер болуп чалкып жашаса, 100 катын алса жарашмак. Бирок анткен жок. Кыйынсынган жок. Анын баарынан качып кетти. Бу дүйнөгө артын салып койду. Улуу сөздө уят жок, башкача айтканда, бу дүйнөгө көчүгүн салып койду.

Чыңгыз Айтматов кыйын жазуучу. Чыгармаларын баалайм. Бирок, Селинджердей өмүр сүргөн жок да. Л.Н.Толстойдун чыгармалары жакшы. Ал киши жүрүп-жүрүп, жашап-жашап отуруп 80ден ашканда баарына түшүнгөн. Ошондо үйүнөн качып кеткен. Турмушунун аягы, бүтүшү өзүн жеңүү менен аяктаган.

-- Жүз жыл мурдагы жашоодогу адамдар менен жүз жыл кийинки жашоодогу адамдарда кандай айырмачылыктар болот?

-- Жүз жылдардын аралыгында көп деле чоң айырмачылыктар жок. Ошол эле адамдар. Акыл-эс, ойлонуу жөндөмдүүлүктөрү. Миң-миң жылдардан соң адамдар өзгөрөт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер