Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Арыбаңыз” десе эле “теңирчи экен” дебеш керек”


-- Мирлан мырза, светтик өлкө дегенди сиз кандай түшүнөсүз?
-- Биз мыйзам жазабызбы, динди жайылтабызбы, өзүбүздүн нукуралыгыбызды, салтыбызды, наркыбызды жоготпошубуз керек. Менталитетибизди карайлы. Эгерде биздин келечегибиз, балдарыбыз эртең эгемендүү, герби, гимни бар өлкөдө эркин жашасын десек, мына ушул нерсени бекем карманалы. Бул биздин салтыбыз, наркыбыз. Бизде христиан, будда жана башка диндер бар. Алардын баарына бирдей мамиле көрүлүүдө. Светтик өлкө деген ошол. Диалог болуп, баары менен сүйлөшүү керек. Бирок, динди саясатка аралыштырбоо зарыл.
-- Сиз “ислам дини биздин салт-санаа, үрп адатыбызга туура келет” деп жакшы бир ойду айттыңыз...
-- Ооба. Биздин ата-бабаларыбыз бу динди наркыбызга, салтыбызга шайкеш келгени үчүн өз эрки менен, кан төгүүсүз кабыл алган да. Карап көрсөңүз, хадистер менен элибиздин макалдары окшош. Биздин ата-бабаларыбыздын улуулугу ушунда, макал-лакаптарды хадистей кылып чыгарып койгон. Турмушта колдонулган эле нерселерди айткан, алар болсо кылымдарды карытып, бүгүнкү күнгө чейин жашап келатат. Бул биздин дүйнө таанымыбыз. Биздин каада, биздин салт өтө адептүү, өтө сыйлуу. Улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган укмуштуудай баалуулуктары бар элбиз.
-- Теңирчиликке болгон көз карашыңыз кандай?
-- Мен так кесе айтам, теңирчилик – бул дин эмес. Ал – дүйнө тааным. Теңир, Жараткан деген сөздөрдү айтып койсо эле “бул теңирчи экен” дебеш керек. Кудайдын токсон тогуз аты бар. “Арыбыңыз” десе эле теңирчи экен дебеш керек. “Ассалому алейкум амансыңбы, мен сага амандык тилейм” деген сөз. Арыбыңыз деген деле ошондой эле тилек. Бар бололу деген алкоо. Ошол нерселерди чаташтырбашыбыз кажет.










