Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ысмайыл Кадыров: “Дүйнөлүк Гиннес китебине Ташкул Керексизов менен Турар Кожомбердиев кирсе болот”

Ысмайыл Кадыров: “Дүйнөлүк Гиннес китебине Ташкул Керексизов менен Турар Кожомбердиев кирсе болот”

06-апрель, 09:00
1 065 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар акыны, жазуучу менен маек.

-- Кыргызстандагы рекорддор Гиннес китебин түзүү оюңуз эмнеден келип чыкканына келсек, таржымалына кыскача токтолсоңуз?

-- Кыргызстандын рекорддор китебин түзүү идеясы мага совет мезгилинде эле келген. Ошол учурда гезит-журналдардын акыркы беттерине “Гиннес китебинен” деген маалыматтар басылчу. Ошолорду окуп жүрүп эле “Кыргызстандын өзүнүн рекорддор китебин түзүүгө неге болбосун?” деген ой пайда болду. Анан акырындан чогулта баштадым. Өз алдымча критетий иштеп чыктым. Алардын эң негизгиси, башкалардан өзгөчөлөнүү, б.а. эң чоң, эң кичине, эң көп, эң кеч, эң узун, эң чыдамкай, эң жаш, эң бийик, эң кыска, эң күлүк, эң кооз, өтө өжөр жана башкалар. Буга адамдар менен катар эле жаныбарлар, жер-суу да кирет. Өзүм “Кыргыз энциклопедиясынын” башкы редакциясында иштегендиктен (математикмин) энциклопедияларга чыккан баардык маалыматтарды окуп чыгып, керектүүсүн жазып алып жүрдүм. Аларды башка булактар менен салыштырып, тактагандан кийин, сүйлөмдү кыска, так кылып иштеп чыгам. Мисалы, “Кыргызстандагы эң узун суу кайсы?” дегенде, ал Чүй суусу экенин, узундугу 1030 км болуп, Кара-Кужур суусунан башталарын география китептеринен тактап, мындан узун суу жок экенине көзүм жеткенден кийин гана бул темага чекит коём. Калгандары деле ушул сыяктуу. Кыскасы, ар бир сүйлөмгө өзүм автор, өзүм эксперт болуп келем. Маалыматты негизинен жарыяланган басма булагынан – энциклопедия, китеп, журнал, гезиттерден, азыркы мезгилде интернет сайттардан да ала баштадым. 

Ошентип алгач 2008-жылы, анан сүрөттөр менен коштоп 2-басылышын 2019-жылы, толуктап 3-басылышын 2021-жылы чыгардым. Буларда эң чоң калпак, эң чоң шырдак, эң чоң балык, эң чоң кетмен, эң кичине китеп, эң бийик чоку, эң бийик эстелик, эң күлүк ат, эң кооз жол, эң аксакал студент ж.б. жөнүндө маалыматтар бар. Эң узун адамдар Жеңишбек Райымбаев, Төрөбек Абакиров, кадимки жөргөмүш багууну хобби кылган бишкектик Нурлан Низамудинов, эң кеч – 84 жашында илим кандидаты болгон Төлөгөн Бейшеев ж.б.у.с. унутта калган жок. Китеп чыгары менен эле кызыгуу өтө көп болду, тез эле сатылып кетти. Ал эми кийинки басылыштарын даярдаганга убактым да, каражатым да жетишпей жүрүп кеч чыгардым.

-- Бүткүл дүйнөлүк Гиннес китебине катталбаган рекорддор бизде барбы? 

-- Дүйнөлүк Гиннес китеби 1955-жылдан баштап жыл сайын чыгат. Бул китепке Кыргызстандан да бир нече маалымат кирген. Алардын айрымдарын айтсам, биринчиси, албетте, “Манас” эпосу жөнүндө маалымат. Бул дүйнөдөгү эң узун поэма катары катталган. Ошондой эле Кыргызстандын 1-каскадеру Үсөн Кудайбергенов “Юность гения” аттуу өзбек фильминде 27 метр бийиктиктеги жардан 1,5 метр тереңдиктеги Сыр-Дарыяга атчан секирип, трюк жасагандыгы үчүн кирген. Ал эми 1988-жылы Сеул олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Мария Кулчунова 4x400 метрлик эстафетада 3 мүнөт 15 секундда келип, дүйнөлүк рекорд койгону үчүн жазылган. 2020-жылы манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт 51 секунд тынымсыз “Манас” айтканы үчүн кирсе, окумуштуу врач-хирург Мамбет Мамакеев 93 жашында да күн сайын операция жасап келаткандыгы үчүн жазылган.

Ал эми дүйнөлүк Гиннес китебине жазылууга татыктуу, бирок жазыла элек маалыматтар бизде көп эле деп эсептейм. Алсак, Сүймөнкул Чокморов “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” деген сыйлыкты катары менен 5 жолу, “Эл артисти” жана “Эл сүрөтчүсү” деген эки башка тармак боюнча ардак наамдарды алганы, денесине 57 жолу операция жасалганы; Аттокур Жапанов деген окумуштуу 90дой аталыштагы энциклопедияны жеке өзү даярдап, өз каражатына чыгарганы; Үмөт Дөөлөтов деген манасчы 3 жашынан баштап “Манас” айта баштаганы; Ташкул Керексизов “Рух Ордо” деген эң чоң маданий паркты негиздеп, далай музей, эстеликтери менен жасаганы; Атай Огонбаевдин буту менен комуз черткени; Курмангазы Азыкбаевдин 54 музыкалык аспапта ойногону; акын Турар Кожомбердиевдин ырларына (300дөн ашык) эң көп обон жаратылганы; Таштанбек Акматовдун үч жолу Баатыр (2 жолу Социалисттик эмгектин, 1 жолу КР Баатыры) болгону; 635 кг ташты көтөргөн айтылуу балбан Кожомкул Каба уулу, Брайль арибин эң тез – 3 суткада үйрөнгөн Калык Мамбетакунов ж.б. жөнүндө жазылса болмок деп эсептейм.

-- Кыргызстандагы Гиннес китебине катталууга кызыккандар барбы? Алар кандай шартта из калтырышат?

-- Ооба, “жазылсам” дегендер да болду. Алардан тек гана эмне себептен катталгысы келгендиги жөнүндөгү маалыматын алам да, өзүмдүн критерийлериме туура келсе, чындык экенине көзүм жетсе жана башка ушул сыяктуу маалымат жок болсо же мурдагы жазылганга караганда рекорд катары эсептелсе, анда китебиме жазууга аракеттенем. Болгону ошол. Азырынча эч кандай документ дагы, каражат да талап кыла элекмин. Болгону китебим чыкканда сатып алсаңыз болот (!) деп гана коём.

-- Китептеги рекорддук маалыматтар кимдер аркылуу тастыкталышы керек?

-- Азырынча эч ким тастыктай элек. Өзүм менен өзүм болуп эле иштеп келе жатам. Жогоруда “өзүм эле эксперт болом” деп айтпадымбы. Эми келечекте дүйнөлүк Гиннес китебине кирчүлөрдү аныктагандай, бир комиссиябы, чакан эксперттик топпу, айтор, ушул сыяктуу бир нерсе түзүлсө жакшы болор эле. Ал эми келечектин иши. Негизгиси, мен ишти баштап берип койдум. 

-- Бүткүл дүйнөлүк рекорддор Гиннес китеби менен карым-катнаш, алака барбы?

-- Азырынча жок. Мүмкүн келечекте кандайдыр бир байланыш болушу мүмкүн.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер