Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мектепте мугалимдер арасында да “дедовщина” өрчүп кетиптир

Мектепте мугалимдер арасында да “дедовщина” өрчүп кетиптир

07-апрель, 20:58
636 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Мен быйыл сентябрдан баштап мектепке ишке кирдим. Алгач баары жакшы эле болуп аткан, бирок убакыттын өтүшү менен коллективдин ичиндеги жагымсыз атмосфераны байкай баштадым. Тымызын көралбастык, мактанчаактык, ушактоо, бири-бирине ынтымагы, мээрими жок мугалимдер. Окуучулардын көзүнчө да бири-бирине түзүксүнүп көрүнгүлөрү келет. Жаңы келген мугалимди да бат эле өздөрүнүн сазына тартып кетишет. Себеби, өздөрү кандай негативдүү сезимдерди алып жүрүшсө, жаңы келген мугалим дагы ошондой болушун каалашат. “Дедовщина” деген бул бир эле армиядагы, мектептеги ж.б. физикалык күч колдонуу эмес, психологиялык жактан да басмырлоо болуп эсептелет экен. Бул деле “дедовщинанын” бир түрү. Себеби жаңы келген мугалим дагы өзүнө жасалган мамилени жокко чыгарбай, кийинки жаш мугалимге жасагысы келет. Мен да ушундай окуяга туш болуп атам. Менин нервимди кашайткысы келишет, качан болсо жиниме тийген сөздөрү ишке болгон жөндөмүмдү жоготот. Баарын атайылап жасашат. Мен сыр бербейм, бирок сабырым түгөнүп бараткандай....
Айдай
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер