Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажыбай: “Жергиликтүү шайлоолор – парламаменттик күрөш алдындагы чоң репетиция”

Алмаз Тажыбай: “Жергиликтүү шайлоолор – парламаменттик күрөш алдындагы чоң репетиция”

25-март, 21:20
843 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоолорго даярдык жүрүүдө. Негизинен административдик ресурс колдонулбайт деп, добуш сатып алуу үчүн аракет кылгандарга мыйзамдуу чаралар көрүлөрү маалымдалды. Бул тартиптердин так сакталарына ишенсек болобу?

-- Жергиликтүү бийликте ар кайсы жерде ар кандай болушу мүмкүн. Анткени бийлик бутактарында ар кайсы партиядагылар отурат. Ошондуктан шайлоо таптаза болот деп айтуудан алысмын. Бизде административдик ресурстун өзгөчөлүгү бар. Мисалы, мамлекеттик кызматкерлерди кайсы бир партияга добуш берүүгө мажбурлашат. Добуштарды сатып алуу, тууганчылык, жердешчилик, уруучулук менен бөлүнүүлөр көп. Ушул формалар жакшы колдонулат. Биз булардан толук кутула элекпиз. Демек, ушул таасирлердин арты менен келгендер элге андай деле жакын болбойт.

-- Президенттик шайлоодо элдин катышуусу аз болбодубу. Аны форма-2нин алынып салынышы менен да байланыштырсак болот. Ал эми  жергиликтүү шайлоолорго болгон катышуу жалпысынан кандай болот деген ойдосуз?

-- Президенттик шайлоону алсак, анда элдин катышуусу аз болду. Анын биринчи себеби, добуш сатып алуу жок болду. Экинчиси, бийликке ишенбегендер шайлоого катышпай коюшту. Азыркы боло турган жергиликтүү шайлоолордо деле добуш сатып алуу жок болсо, кандайдыр бир үгүт иштери жүрбөсөэлдин шайлоого катышуусу аз эле болот. Ал эми жалпы алсак, өлкөдө жергиликтүү шайлоолорго катышуулар көп болчу.

-- Жок болуп кеткен партиялар, жаңы түзүлгөн партиялар, алардын курамы, бир партиядан экинчи партияга өтүп кеткендер болуп атпайбы. Бул көрүнүштөрдү нормалдуу деп эле түшүнөбүзбү?

-- Демократиялуу, өнүккөн мамлекеттерде бир партиядан экинчи партияга өтүү туура эмес жол дегенди түшүндүрөт. Андай адамдарга ишенбестик жаралып, ал адамдын репутациясы жоголот. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай учурлар кездешкен менен өтө эле аз. Бул дагы саясый маданият, саясый системалар турукташып калганына байланыштуу. Биздеги мындай секириктер демократиянын өнүкпөй жатканынын бир белгиси десек болот. Бийликке барууга шансы бар партиялар кайык катары колдонулат жана акчалуу партияларга жол ачылат. 

Жергиликтүү шайлоолор – парламенттик күрөш алдындагы чоң репетиция болуп саналат. Жергиликтүү бийликке келип отуруп калгандар парламенттик шайлоого бара тургандарга күч топтошот. Ошентип, административдик жолдор менен, сатып алуулар менен же болбосо уруучулук менен келгендер саясый элитанын негизин түптөшөт. Бул дагы болсо шайлоого катышкан талапкерлердин арасындагы тең укуктуулуктун сакталбаганын көрсөтөт. Ал эми шайлоо мыйзамдарында тең укукту киргизүү азыркы депутаттарды кызыктырбайт. Андай мыйзам кирсе, өздөрүнүн жолуна бөгөт коюлат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер