Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кемпир-Абад маселеси: Өзгөндө президент эл менен жолугуп жатат

Кемпир-Абад маселеси: Өзгөндө президент эл менен жолугуп жатат

04-октябрь, 12:22
280 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып, Кемпир-Абад маселесинен улам эл менен жолугушуу өткөрүүдө. "Азаттыктын" аймактагы кабарчыларынын билдиришинче, жолугушуу райондук акимчиликтин ичинде өтүп жатат жана келгендер залга толук батпагандыктан, президент эл менен бир канча жолугушуу өткөрүлөрүн айткан.

Учурда акимчиликтин сыртында ондогон адам топтолуп турат жана алар президенттин эл менен жолугушуусу сыртта, ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу толук, ачык-айкын маалымат берилишин талап кылышууда.

Президенттин Өзгөндөгү сапары тууралуу анын басма сөз кызматы азырынча расмий маалымат тарата элек.

Өзгөндө өткөн аптада Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциялары өткөн. Анын алдында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бул маселени парламентте көтөргөн.

"Азыр "Кемпир-Абад кетти" деген сөздөр катуу кетип жатат. Биз өткөндө эле ошол жердеги "беш айыл өкмөттүн тургундары менен жолукмайынча, бул маселени токтотуп турсаңар" деп сунуш бердик эле. Макул болгон, ошондо президент дагы, өкмөт дагы отурган" деди Мадумаров.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер