Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бөрү саясатчылар жаштарды колдонуу менен оюндарын башташты...”

“Бөрү саясатчылар жаштарды колдонуу менен оюндарын башташты...”

22-август, 13:32
741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алдыдагы парламенттик шайлоо таза өтүп, өлкөбүз өнүгүүгө бет алса деген тилек, үмүттөр өчүп-жанат... Активисттерге “шайлоо таза өтөрүнө ишенимиңиз барбы?” деген суроону жолдодук. 

Рустам Юсупов, активист:

-- Шайлоого даярдыктар башталды, бирок таза өтүшүнө ишенбейм. Мурунку бөрү саясатчылар жаштарды колдонушуп, аларды жүз кылып алдыга коюп алышып, шайтан оюндарын башташты. “Элди жаштар менен алдап, добушту сатып алабыз” деген ойлору болуп жатат. Жаштардын артында кимдер турганы белгилүү да, туурабы? Бир-эки партия гана таза болбосо, кайра эле эскилердин баары катталды. Ислам динине жакын партия пайда болуп калды. Бийликтин да өзүнчө партиялары биринен сала бири чыкты. Бизнесмендердин партиясы, Батыштын принциптерин карманган күчтөр да чыгып жатат. Талаш аябай күчтүү болчудай. Шайлоо канчалык таза өтөрүн убакыт көрсөтөт. Мен “Кыргызстан жаш муун” партиясынын жетекчиси болчумун. Көп эле саясый партиялар менен жолугушуу өткөрүп, пикирлерибиз дал келишкен “Ордо” партиясы менен аттанып жатам...    

Гүлмира Үмөталиева, журналист:

-- Ар бир адам өз добушу үчүн жооп берсе, анда өлкөдөгү абал өзгөрмөк. Алгач Аскар Акаев шайлоочуга “бергенин ал, добуш бергенде өзүң бил” деп шайлоонун прицибин бузуунун психологиясын киргизди. Азыр жаш бала да добуш сатыларын билет. Учурда акыл, абийирдин эмес, акча, капчыктуулардын ортосундагы кармашуу болору болжонууда. Эгер 30 жыл ичинде шайлоого кеткен каражат, энергиянын ресурстарын ишкана ачууга, мамлекетти түптөөгө салсак, биз эч кимдин көзүн карабаган мамлекет болот элек. Ишениш үчүн ар бир адам добушун сатпашы керек. “Макул, мен добушумду сатпай, партиялардын ичинен тандайын десем да тандоом купулума толбой жатпайбы?” дегендер көп. Анткени тизмеде тизилген 20 кишинин бешөө учурдагы заман талабына жарашкан, парламентти көтөрө турган адамдар болсо, калгандары баягы эле жүздөр да... Татыксыз талапкерлер келе берип, парламенттин деңгээли түштү. Демек, эл кандай тандоо жасаса, ошого жараша экен. Ар бир добуш үчүн чоң талаш болот. Болгону, атышуу жок, аман-эсен болсо болду. Шайлоо – өлкө тагдырын чечүүчү чек дагы болушу мүмкүн. Макул, сиз жактырган беш адам тизмеде турат деп добуш берген менен “ал тизме шайлоодон кийин өзгөрбөйт” деп эч ким кепилдик бербейт да. Талапкер болуп талпылдап чуркап жүргөндөр эртең эйфориядан чыгып, парламентке келбей ыйлашат. Анткени, жашырылган картадай башкача болуп кетери толук мүмкүн. Кыргызстанда партиялар бир идея, максат жана келечектүү стратегия эмес, учурдагы абалга жараша чогулду. Бул дагы шурудай бир күндө чачырайт. Партиядан партияга кире качкан, лидер болуп, партияга батпай калган саясатчылардан эмне күтсө болот? Азыр 44 партиянын 9у шайлоого катышуудан баш тартты. Ага чейин алар эптеп партия атыгып, фондго каражат төккөнгө кудурети жок, бирок саясатты сайрап отурган топтор эле. Партиялар шайлоочунун добушуна чейин тизме түзүүдө соодалашып акча жасап жатканы – биздеги шайлоо системасына доо чапкан учур. Ушундай партиялык шайлоо системасы керекпи? Жогорудагы факторлор турганда, шайлоодогу ар бир добуштун таза болушуна кепилдик берүү күмөн жаратат. Берилген ар бир добушту коргой алабызбы? Биометрикалык маалымат аркылуу бир шайлоочу бир добуш болуп, IT технологиясындагы сыр сөз код менен корголсо, анда сонун болмок. Бирок, үмүтүмдү үзгүм келбейт. Добушумду сатпайм... Бир ай ойлоном, тандоо жасаганга аракет кылам...

Аркарбек Мамытов, активист:

-- Ооба, ар бир шайлоочу кайсы партияга добуш берсе, ошол партияга түшөт. Мурдагыдай азыр добушту уурдоо мүмкүн эмес. Ал эми кабинага чейин таза болоруна ишене албайм. Себеби, партиялар шайлоочулардын добушун сатып алуусу токтобой келет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер