Карантинде аялдар күйөөлөрүн думуктурбай, эркиндик беришсе...
Жолдошуңуз менен бала тарбиялоодо жана үй-бүлөлүк киреше жаатында бат-баттан келишпестик болуп турабы?
Ал нерселерди колдон келсе оор басырыктуу чечүүгө аракет кылыңыз. Ал эми чыдамсыздык бир гана аны андан ары тереңдетип жибергенге алып барат.
Албетте, бир үй-бүлө болгондон кийин жубайлардын ортосунда сүйүүдөн сырткары бири-бирине көнүп калган адат дагы болот. Мына ошондон улам ортосунда болгон түшүнбөстүктөр чыгышы мүмкүн.
Адистер болсо жубайлар ортосундагы келишпөөчүлүктөрдү кадимки көрүнүш катары сыппаттайт.
Анткени алар кечээ эле кыз-жигит болуп жүрүшүп, үй-бүлө кургандан кийин бири-биринин кемчиликтери чыгып, дал ошол сапаттардан улам чыр-чатактар чыга тургандыгына токтолот.
Аялдар күнөөнүн жаралышына себепкер
Маселен күйөөңүз чыккан маселенин күнөөкөрү болсо, аялдар анын жаралышына себепкер болот экен. Аялдар көпчүлүк учурда эркектердин психологиясы өзүбүзгө окшош деп ойлойт. Ал туура эмес. Себеби, эркектики башка, аялдыкы такыр башка. Аялдар көпчүлүк учурда күйөөсүнүн качан чөнтөгү калыңдайт, качан досторун жана апасын укпай калат деп ойлошот. Бул туура эмес. Анткени алар эч качан өзгөрбөйт. Ал табияттан өздөрү көп деле өзгөрүүгө багытталбайт.
Маселелерди улам айта берүү менен көйгөй чечилбейт
Жогоруда айтып өткөндөй, үй-бүлө болгон соң, албетте, майда барат маселелер жаралып турат. Эгерде сиз күйөөңүзгө ал тууралуу бир чечим чыгарууга убакыт бербесеңиз, анда ал жолдо адашкан адам сыяктуу кейипке келет. Ал маселени чечүүгө аракет кылат же жолдон адашып эч нерсе чече албайт. Үй-бүлөлүк маселер өөрчүп жатса анда атайын психологдун жардамын колдонсоңуз болот.
Айрыкча бүгүнкүдөй карантин күндөрү өмүрлүк жолдошуңузду думуктурбай эркиндик бергениңиз оң...