Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Өзбекстанга болгон иш сапары

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Өзбекстанга болгон иш сапары

26-март, 20:39
753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2021-жылдын 22-23-мартында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков өзүнүн делегациясы менен Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин башчысынын Өзбекстанга болгон иш сапары ушул жылдын 11-12-мартында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында болуп өттү. 

 23-март күнү Өзбекстандын ички иштер министрлигинде ИИМдин башчысы, милициянын генерал-лейтенанты Пулат Бобожанов менен расмий жолугушуу болду.  Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, тергөөдөн жана соттон изин жашырып качып жүргөндөрдү издөө, чек арага жакын аймактардагы кызматташтык, кесиптик тажрыйбалар менен бөлүшүүнү активдештирүү, эки тарап тең кызыкдар болгон башка багыттар боюнча меселелерди талкуулашты. 

 Улан Ниязбеков жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер органдарындагы реформанын жүрүшү, ишмердүүлүккө заманбап маалыматтык технологияларды  киргизүүнүн ийгиликтери, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузуулардын алдын алуу багытында махалядагы калктар менен иштөөнүн натыйжалары менен таанышты. 

 Иштиктүү баарлашуунун жыйынтыгы менен тараптар тез арада сапаттуу, жаңы деңгээлдеги кызматташууну ишке ашыруу үчүн тутумдуу жана узак убакыттуу чараларды кабыл алууга макулдашууга жетишишти. 

 Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМнин башчысы Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдындагы кыргыз делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өзбек тарап коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, алдын алуу инспекторлорунун ишмердүүлүгүн бул багыттарда жакшыртуу, андан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун комплекстүү башкаруу тутуму менен тааныштырып чыгышты. 

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин делегациясы Наманган жана Фергана облустарынын ички иштер башкармалыктарынын ишмердүүлүктөрү менен таанышуу пландалууда. 


 ИИМдин басма сөз кызматы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер