Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бүт партиялардын программалары чындыкка коошпойт, баары жомок...”

“Бүт партиялардын программалары чындыкка коошпойт, баары жомок...”

09-апрель, 09:04
855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Эл куру убадаларга, апыртмаларга тойгон ай артта калып баратат. Шаардын көйгөйүн чечмек тургай резюмесин тыңдап жаза албаган талапкерлер шайлоого аттанып алышканы жан кейитүүдө. Анан алардын көпчүлүгү депутат болуп шайланышат. Куру убадалардын баары унутта калат. 

Партиялардын программалары, убадалары канааттандырып жатабы?” деген суроо менен айрым эксперттерге кайрылдык. 

Балбак Түлөбаев, экс-мэр:

-- Баары жомок. Бүт партиялардын программалары чындыкка коошпойт. Бир-эки эле партия 10-20% туура айтпаса, калганынын баары ой келди сүйлөп жатышат. Мен таңгалып жатам, булар кантип шаарды өнүктүрүп, өстүрүп жиберерин билбейм... Чыныгы көйгөйлөрдү үстүртөн билишет: жол жасаш керек, парктарды салары, ишкерлерге жардам берели, каражат табалы (!) деген сыяктуу жеңил сөздөр. Бирок кантип?.. Баары сөз жүзүндө. Чечип бере турган жолдорду бирөөсүнөн да уккан жокмун. Куру убадалары жан кейитет да...

Керим Айдаров, журналист:

-- Чынын айтсам, алардын ар бирине тереңдеп маани бербедим. Баягы эле көрүнүш. Болгону, жаңы партиялар жаралды. Бирок алар эски жүздөр же алардын балдары менен. Убадалар мурдагыдай эле “жыргатабыз”. Бирок элде ишенич жок.

Чыңгыз Капаров, жарандык активист:

-- Азыркы Бишкек жана Ош шаарына катышып жаткан партиялардын баары эски жүздөр. Аттарын өзгөртүп алып, “жаңыбыз” деп кыйкырып атышат. Эч бирөөсүнүн түзүгүрөөк программасы жок. “Биз антебиз, минтебиз” деген куру сөздөр. Депутаттык мандатты оюнчук көрүп алышты. Ырчы, бийчи, түрмөдөн чыккан зектери да бар. Айтор, ашмалтайы чыгып калды. Ошондуктан элди “баарына каршы” деп добуш бергиле” деп жатам. Партиялардын бири да жыргатпайт. Элди алдамай, бирин-бири караламай. НДПКдан Суракматов “мэр болом” деп жүрөт. “Кыргызстан – Ата Журттан” Төлбаев, “Ак-Батадан” Нариман Түлеев... Булар эмне, шаарды менчиктеп алганбы?

Талапкерлерден “шаар бюджети канча?” деп суроо узатсаңыз, билбейт. Билимдери төмөн. Кыскасы, шаарды кайсы жол менен өнүктүрсө болорун түшүнүшпөйт. Бизди курчаган мындай башаламандык туңгуюкка алып баратат. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер