Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов, дипломат: “Бишкек менен Дүйшөмбү эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине алып чыгышты”

Аликбек Жекшенкулов, дипломат: “Бишкек менен Дүйшөмбү эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине алып чыгышты”

10-июль, 21:54
1 255 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аликбек Жекшенкулович, президентибиз Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө жасалган мамлекеттик сапарына кандай баа бересиз?

-- Глобалдык деңгээлдеги тектоникалык жылыштар планетанын ар кайсы аймактарында коопсуздуктун жана экономикалык өз ара аракеттенүүнүн архитектурасын өзгөртүүдө. Борбор Азияда коңшу мамлекеттердин жетекчилери бул процесстерге чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышты. Жалпы чек арасы бар мамлекеттердин ортосундагы мамилелер бир туугандык жана тынчтык түрдө гана болушу мүмкүн, бул элдердин гүлдөп-өсүшүнүн негизги шарты. Биздин президенттер ушул багытта гана аракеттенип жатышат.

Территориялык келишпестиктерди жана сууну пайдалануу маселелерин жөнгө салып, Кыргызстан менен Тажикстан аймактык бөлүнүү, тирешүү коркунучун жок кылышты. Саясый, дипломатиялык жол аркылуу өз ара эпке келүү, бири-биринин улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен биздин лидерлер принципиалдуу жаңы мамилелерге негиз салышканы маанилүү көрсөткүч. Мунун негизинде Бишкек-Дүйшөмбү конструктивдүү диалог түзүп, эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине алып чыгышты.

Мындан бир нече жыл мурун эл аралык эксперттер Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасы кесилишкен Фергана өрөөнүндө кырдаал татаалдашышы мүмкүн экенин болжоп келишчү. Азыр абал түп-тамырынан башкача. Быйыл жазында Ходжентте үч өлкөнүн лидерлери түбөлүк достук декларациясына кол коюшту. Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө мамлекеттик сапары экономикалык кызматташтыктын базасын чыңдоо жана кеңейтүү, жалпы коопсуздук мейкиндигин түзүү боюнча чоң иштердин уландысы болуп саналат. Бул бүткүл Борбор Азиядагы тынчтыктын, стабилдүүлүктүн негизги факторлорунун бири.

Ал эми экономикалык кызматташууга келсек, чек ара маселеси чечилгенге чейин ал туңгуюкка кептелип турганы жалпыга белгилүү эле. Баардык байланыштар чындыгында токтогон болчу. Азыр биз оң жана позитивдүү динамиканы, соода жүгүртүүнүн бир нече эселенген өсүшүн көрүп жатабыз. Мен биздин эки тараптуу экономикалык мамилелерибиздин структурасы оптималдаштырылып, элдерибиздин жыргалчылыгын арттырып, соода дагы да күчөйт деп ойлойм. Көптөгөн багыттар, компоненттер бар, алардын шайкеши эки тарапка тең пайда келтирүүнүн негизинде бири-бирибизди толуктоого мүмкүндүк берет.

Эми Кыргызстан менен ачылган чек ара аркылуу Тажикстан туруктуу байланышка жана ЕАЭБ рынокторуна түз чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Мындан тышкары, биздин өлкөлөр региондогу мамлекеттер үчүн суу ресурстарынын аймактык донорлору болуп саналат. Ошондуктан бул жаатта, анын ичинде гидроэнергетика маселесинде Бишкек менен Дүйшөмбүнүн өз аракеттерин координациялоо мүмкүнчүлүгү бар, бул абдан маанилүү. Анткени, биздин коңшу мамлекеттер сууга жана аны адилет бөлүштүрүлүшүнө муктаж. Климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн, демек, суу булактарынын азайышына байланыштуу биз бири-бирибиз менен да, жакын союздаштарыбыз менен да дайыма байланышта болушубуз керек. Бул экономикага, балким, биздин өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн жалпы векторуна да таасирин тийгизет.

-Бул сапар регионалдык коопсуздукту камсыздоого да чоң таасирин жаратса керек?

-- Коопсуздук маселеси боюнча биз абдан тыгыз кызматташуубуз керек, анткени, Тажикстандын Ооганстан менен чек арасы абдан узун. Ал жактагы абал бир кылка эмес, Талибан кыймылы аймакка толук көзөмөл орното элек, айрым коркунучтар дале бар. Ушуга байланыштуу биздин иш-аракеттерибиз, албетте, чогуу жана терроризмдин, диний экстремизмдин терс көрүнүштөрүн зыянсыздандырууга багытталышы шарт. Бул абдан маанилүү маселе, мен муну баса белгилеп кетким келет. Ошондуктан, бизге коргоо ведомстволору менен атайын кызматтардын өз ара аракеттенүү механизмдери керек. 

Маданий-гуманитардык жана диний чөйрөдө биздин өлкөлөрдүн ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестиктер, дээрлик карама-каршылыктар жок. Биздин ата-бабаларыбыз бул жерде кылымдар бою ынтымакта, биримдикте жашап келишкен. Биз да бири-бирибизди колдоп, өз ара байытып, толуктап турушубуз керек. Ошондуктан, мен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелердин келечегине оптимисттик көз караштамын. Президент Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө сапары тынчтыкты, туруктуулукту, өнөктөштүктү чыңдоодогу дагы бир маанилүү кадам болоруна ишенем.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер