Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым Матраимов жөн эле себепчи, батышчыл күчтөрдүн максаты төңкөрүшпү?

Райым Матраимов жөн эле себепчи, батышчыл күчтөрдүн максаты төңкөрүшпү?

26-ноябрь, 15:55
749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурдагы АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 2003-2006-жылдары андагы элчинин орун басары болуп иштегени белгилүү. Эске салсак, 2005-жылдагы төңкөрүшкө Батыштын салымы чоң болгону, ошондо да кышында митингдер байма-бай өтүп, бейөкмөтчүлөр катуу жанданган. Жазга карай коомдук маанайды революциялык духка даярдап койгону жашыруун эмес.


Тагдырдын тамашасын кара, 2005-жылдагы Кыргызстандагы “көмүскө идеологияны” Дональд Лу тескесе, бул сапар өзү элчи болуп отурат. Суроолор арбын. Бүгүн да ал бейөкмөтчүлөр менен тыгыз иштешип, Кыргызстандагы саясый атмосфераны өзгөртүүгө салымын кошо баштаганы ыраспы? Соцтармактарда АКШ элчилигине 60 миллон доллардын келгени жазылып атса, мындай каражаттан бейөкмөтчүлөр кызмат кылуу иретинде алып атышабы? Максаттары эмне? Жазга карай коомчулукту чыңалтып, даярдап, үчүнчү төңкөрүштү жасообу? Айтор, көп соболдордун түйүнүн чечмелеп, таап чыкса болот.


25-ноябрда “Гей-парадды” колдоп чыккан активисттер “Райым камалсын!” деген ураан менен митинг өткөрүштү. Аныгында, бул чыңалууну АКШ конгрессинен каржыланган “Азаттык” радиосу тастыкталбаган маалыматтар менен коомчулукту козгоду го? Бул жерде Райым Матраимовду ачыктан-ачык эле каралоо жүрүп, карапайым элдин башын айландыруу саясаты болууда. Дал ушул жагдайга көмөкчү болгондор – батышчыл бейөкмөтчүлөр, атамбаевчилер жана трайбалисттер экени жалганбы? Бир нерсени так түшүнүү керек, Райым Матраимов бажы системасында иштеп жүргөндө мамлекетке зыян келтирген эмес, ал планды ашыгы менен аткарып келген. Төрага болбосо, анан эми транзиттик жүктөрдү, акча которууларды ага чаптоо акылга сыйбаган логика. Эч кандай тескери факт жок. Мунун өзү жомок. Күмөндүү банктык эсептер, жасалма кол коюлган документтер, схемалардын апыртмалыгы менен ар кандай сюжеттерди жасап, чагымчылык кылууга басым болуп келди. “Саман өрттөндү” десе, “Самарканд өрттөндү” деп түшүнүп алгандай эле кеп болууда. 


Негизи Райым Матраимов аз сүйлөп, көп иштеген, коомчулукка чыга бербеген фигура. Анан калса, түштүктө калың электораты бар. Батышчыл күчтөргө дал ушундай фигура керек эле. Эгерде Райым Матраимовго басым жасалса, оштуктар нааразы болот. Мунун өзү түндүк-түштүк жаракасын салууга керектелери, ансайын каралоо кампаниясы күчөсө, элдин башын айлантуу ошончолук жеңил болорун сезип атасыңарбы? Бирок, реалдуу турмушта патриот, улутчул күчтөр терең түшүнүп, батыштын чагымчылдыгына, чуулгандуу саясатына каршы чыгышы зарыл. Аныгында, Райым Матраимовду жөн эле себепчи кылышууда, а түпкү максаттары – төңкөрүш кылуу, орой айтканда – Кыргызстанды жоготуу болуп жүрбөсүн?!

Aryba.kg 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер