Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды

Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды

22-март, 17:19
1 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарынын четиндеги Тюльпан дачасында жол четинде токтоп турган унаа 150 метр бийиктиктен сайга кулап, 1,5 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын башчысы Альберт Абдыкеримов билдирди.

Анын айтымында, унаада айдоочу жок болгон. Машина токтоп турган жеринен жылып кетип, сайга кулаган. Айдоочу унаанын артынан чуркап, бирок токтотуп кала алган эмес. Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталган.

Унаанын ичинде алты бала болгон. Үчөө кичине, дагы үчөө чоңураак курактагылар. Токтоп турган Daewoo Tiko кокусунан жылып кетип, 150 метр бийиктиктен сайга кулап кеткен. Жабыркагандардын үчөө Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми эки чоңураак баланын бири нейрохирургия, экинчиси травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. 1,5 айлык ымыркай, тилекке каршы, чарчап калган деди Абдыкеримов.

“Спутник кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер