Кандагы гемоглобинди көбөйтүүчү 7 азык

Акыркы мезгилде анемия оорусу менен ооругандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул оору адамдардын организмине керектүү азык-заттардын жетишсиздиги жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгууда. Бүгүн аз кандуулукту жоюу, кайсы азыктар кандагы гемоглобинди көтөрөрү тууралуу кеп-кеңештерди сунуштайбыз.
1. Жумасына 3-4 жолу сабиз ширесинен 1 стакандан ичип туруу жакшы натыйжасын берет. Бир стакан сабиз ширесинде 500 гр сабиз болот.
2. Кулпунай менен бүлдүркөндү кайнатпастан өзүн жеген пайдалуу.
3. Кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп да, ширесин ичип да, кандагы гемоглобинди көбөйтүүгө болот.
4. Бал, грек жаңгагы жана өрүктү аралаштырып, аз-аздан тамак рационуна кошуу да канды көбөйтөт.
5. 2 аш кашык чалкан жана жапайы бүлдүркөндүн жалбырактары, 3 кашык көк чай менен ромашканын гүлдөрүн майдалап, аралаштырып термоско салып, 700 гр кайнак суу куябыз. Муну күнүнө 1 стакандан 3 жолу ичүү керек.
6. Итмурундун мөмөлөрүн термосто чай сыяктуу демдеп, ага бал кошуп ичүү да иммунитетти көтөрүп, кандын өлчөмүн калыбына келтирет.
7. Жогоруда айтылгандардан тышкары гречка, алма, малина, анар сыяктуу азыктар да кандагы гемоглобин үчүн миңдин бири болуп саналат.