Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Губернаторлордун ак-карасы... Садыр Жапаровду артка тартып жатышабы?

Губернаторлордун ак-карасы... Садыр Жапаровду артка тартып жатышабы?

07-август, 21:42
2 109 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элибиз колунан иш келбеген жүдөмүштөрдү “оро албаган орок тандайт”, деп баа берип койгон. Облус жетекчилери мурда губернатор деп аталса, кийин өкмөттүн баланча облустагы өкүлү деп аташты. Эми болсо президент аткаруу бийлигинин башына келгенден кийин президенттин өкүлү болуп калышты. Негизи өлкөнүн өнүгүүсү ушул президенттин өкүлдөрүнүн ишине жараша болот. 

СССРдин убагында Султан Ибраимов Ош облусунда тер төгүп иштегени азыркыга чейин аңыз болуп айтылып жүрбөйбү. Бирок эгемендүүлүктүн жылдарында минтип каруусун казык кылып эмгектенген губернатор чыга элек. Булар негизинен президенттин жакын кишилери болгондуктан “тоосу бийик кийиктин көзү кызыл” дегендей, эч кимди тоготпой, элди теңине албай, чартаңбай тээп жүрө беришет окшобойбу. Баткен облусуна Жаныбек Жалалов барып, жүдөп, иштей албай кайра келди. Кыйын учурда иштеп берген Өмүрбек Суваналиев иштен алынып, анын ордуна коррупцияга аралашып, репутациясы бузулган Абдыкерим Алимбаев барды. “Өрттөнгөн үйлөр бүтпөй жатат” деп парламентте депутаттар чырылдап жатса, А.Алимбаев кайдыгер кишидей карап турду. Баткенде эмне болсо ошонун баарына жооп берерин деле ал билбейт окшойт.  

Нарындагы президенттин өкүлү Сабыркул Ашымбаев ишкерликтен келген кадр. Убагында Садыр Жапаров менен мамилеси бар экен, ушул жагынан жылдызы жанып, Теңир Тоону жетектеп келатат. Азырынча аракет кылууда. 

Элчибек Жантаев өзүнөн өзү жүдөп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштей албай кызматынан түштү. Анын ордуна барган Мирбек Кожоев болсо ишти кагаз жүзүндө бүтүргөнү менен чарбаны билбейт экен. Тоют кандай жыйналды, дан азыктары эмне болуп жатат – Мирбек Кожоевдин иши жок, ал Көкүйдү сагалап, эки күндүн биринде Бишкекте жүрөт дешти. Анан да кыйратып иш бүтүрүп жүргөнсүп, “сел каптаганда жок болуп калдым” деп Казанда жүрүп, Көл элине кайрылуу жолдогонун карабайсызбы? 

Барпы айыл өкмөтүнөн түз эле өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп калган Абсатар Сыргабаев УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экени белгилүү. Ал азырынча алгылыктуу иши менен өзүн көрсөтө элек. “Таанышың болсо танкасың” деген кептин көркүн чыгарып, көптүн бири катары сүйрөлүп келүүдө. 

Октябрда Чүйгө Мирбек Мияров губернатор болгон. Анын ордуна бизнесмен, Канттагы медициналык окуу жайдын ээси Эркин Тентишев келди. Чүйдө суу жетпей кургакчылык болуп жатса, Эркин Тентишев оозун ачып отурду. Ал бир туруп “союздан калган скважиналарды оңдойбуз” десе, эми “суу сактагыч салабыз” деп калыптыр, аны качан салат, кайсы акчасына курат, белгисиз. Чүйдө дыйканчылыктын көйгөйлөрү көп, Эркин Тентишев аны ойлогон да жок.

Ошко болсо парламенттеги балык депутаттардын бири Зиядин Жамалдинов барды. Аткаруу кызматында тажрыйбасы жок эргулдун чайналып калышы ажеп эмес. Эң чоң облустун ишин алып кете алабы, аны да көрө жатарбыз...

Таласта болсо Бакытбек Нарбеков акимдер, айыл өкмөттөрү менен иштеше албай, саруу, кушчу көйгөйү кайра козголуп жатыптыр. 

Президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн дарамети жасаган иштеринен көрүнүп калды. Эгер президент Садыр Жапаров “өлкөнү өнүктүрөм, элдин турмушун оңдойм” десе, ишти ушу өзүнүн аймактардагы өкүлдөрүнөн баштоосу зарыл. Же экономиканы, же чарбаны билбеген, көчтүн артында калган кадрлар менен ийгилик жарата албайт го? Өзүнүн жеке кызыкчылыгы, кара курсагынан башканы ойлобогон, билими, маданияты жок өкүлдөр элдин бийликке болгон ишенимин жоготуп, ишти артка тарткандан башка пайда алып келбейт.


Мурат Атыбеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер