Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдырахман Маматалиев: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда алешемдиктер көп”

Абдырахман Маматалиев: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда алешемдиктер көп”

15-июль, 12:55
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдырахман Мадакимович, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анын айтымында, азыркы редакцияда талаштуу жагдайлар бар. Мисалы, жоболордун биринде “Убактылуу эмгекке жарамсыздык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматкерди бошотууга тоскоолдук болуп саналбайт”  деп жазылган. Ошол эле учурда Эмгек кодекси кызматкер ооруп калганда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, же өргүүдө болгон учурда аны иштен бошотууга жол бербейт” дейт. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Депутат Сыдыгалиев туура айтат. Бул мыйзамда ушул сыяктуу алешемдиктер көп. Биз убагында өз сунуштарыбызды бергенбиз, тилекке каршы, алар эске алынган эмес.

-- Мисалы, кандай сунуштарды?

-- Президенттин администрациясына бир нече барактан турган сунуштар берилген. Аларды администрациянын ошол кездеги юридикалык бөлүмүнүн башчысы президентке өткөрбөй койду окшойт. Мисалы, конкурстук негизде жумушка алууну, резерв түзүүнү жакшыртуу, дегеле жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууда бирдей шарт түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, алардын кадыр-баркын көтөрүү, кызматка алууда коррупцияга жол бербөө. Айтор, көп эле сунуштарды бергенбиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер