Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаркылдаган жарыңды таштасаң, сага учуп барат элем...

Жаркылдаган жарыңды таштасаң, сага учуп барат элем...

02-сентябрь, 12:25
1 088 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бүгүн мен негедир өмүрүмдүн жолдорун

чырмооктой чырмап алган турмуштун бүт түйшүгүн,

жандүйнөмдөн күбүп салып, сени издеп чыккым келди.

Арыктан соккон өжөр шамалдай 

Сага барар намыстын жолун, майдалап тыткым келди. 

Негедир жылдар жүрөгүмдө эңсеп келген 

Экөөбүзгө арналган бакыт кушун, кубалап жетип туткум келди.

Өмүрүмдүн көркүн ачаар, шаңкылдаган күлкүңдү

Кубанып айланкөчөк тегеренип уккум келди.

Күнгө окшоп ак таңда чыгып келе жаткан

Алдыңан тосо чуркап чыгып, мен сени көргүм келди.

Айлар, жылдар мелт-калт толгон карегиме

Көз жашымды эреркеп

кучагыңа жамгырдай төккүм келди”.

Бул сүйүүгө толгон саптарды бейтааныш кыздын күндөлүгүнөн көчүрүп койгом. Эми бүгүн өзүм ошондой абалда турам. Бир гана сени унутуш үчүн, сенден алысташ үчүн алыскы өлкөлөргө иштеп кеткем. Ал жерде жаңы жашоо, жаңы түйшүк, жаңы тааныштар менен сени унутам го деп ойлогом, бирок жаңылыптырмын. Жүрөгүмдүн жарасы мурдагыдан да күчөдү. Жакын жерде жүргөндө сени көрүп калсам, эс алып калчумун. Азыр жөн гана көрүп, үнүңдү угууга зармын. Сени издеп, баарын таштап келе бергим келет. Бирок, сен мени күтпөйсүң деле. Жаныңда жаркылдаган жарың бар эмеспи. Аны таштасаң, сен мени күтсөң, баарын-баарын калтырып кетүүгө даяр болуп турган учурум...

Алия
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер