Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызарган жерге жулунган Сыртбай Мусаев качан тоёт?

Кызарган жерге жулунган Сыртбай Мусаев качан тоёт?

08-июль, 19:07
1 821 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көлдүн аксакалдарынан турган интеллигенциясы өз ара уюшуп, президент Садыр Жапаровго таасир жаратууну көздөшүп, кеп-кеңеш айтуу менен кадр саясатына кийлигише башташканы тар чөйрөдө талкууланып келет. Мындай жердешчилик, “кол ийрисине тарткан” көрүнүштүн аягы жакшылыкка алып барбаса керек. Бирикмени биз “Көлдүк аксакалдардын кеңеши” деп атап коёлу. Булар соңку убакта чектен чыгышып, көпчүлүк кызмат орундарына өз уул-кыздарын койдурууга жетишкени, трайбализмдин тескери үлгүсүн жаратышканы жашыруун эмес. “Дирижеру” президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов болсо, аксакалдардын атаманы Сыртбай Мусаев жалмаңдап, артык кылуунун ордуна тыртык кылышууда. Эрксизден баш чайкайсың! Кайсы бийлик болбосун, Сыртбай Мусаев “кошоматтык кесиби” менен президенттерге жагалданып, үгүт иштерине чейин аралашып, “алсам-жулсам” деген амбициясы менен тумшугун ар жерге тыгып келгени кандай? Акаев заманынан бери алымсынбаса, кызарган жердин үстүндө жүрсө, деги мунун көзү топуракка тоёбу? Аксакалдык куракта коомчулукка жакшы жагынан үлгү көрсөткөндүн ордуна жулуңдап эле кызмат, байлыкка жанталаша берсе, быяктагы карап отургандар түкүрүнүп атышат го? Ушунчалык да обору ач беле?

Ток этери, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев өзүнө тийешелүү милдетин так аткарбай, жердешчилик, интрига менен “ооруп” калганы ойлондурбай койбойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер