Нуржигит Кадырбеков динчилдигин таштап, улутчулга айланса, анда президент болот
Казакстанга кыргыз аскерлерин жиберүүгө Нуржигит Кадырбеков каршы чыгып, бийлик өкүлдөрү менен кайым айтышып, эр жүрөк экенин көрсөтүп, бир эсе ЖККУнун чечимине айбат жасады. “Кан төгүүгө жооп бере албайм” деп позициясына бекем турду. (Дагы алты эл өкүлү Кадырбековду колдоп, парламенттен каршы добуш беришти). Коомчулукта, интернет айдыңында рейтинги көтөрүлгөнү анык. 90 депутаттын ичинен аттын кашкасындай көрүндү. Түпкүрүндө ак калпакчан чеченибиз саясый оюнду мыкты өздөштүргөнү, упай алуунун жогорку үлгүсүн шардана кылуу менен чоң күрөшкө даярдыгын ачыктап койду. Дал ушундай таскагы менен кете берсе, президенттик шайлоо деле эртең эле келип калат, мына ошого эң сонун даярдык болуп атпайбы. Нуржигит Кадырбеков Батыш менен Чыгыштан билим алган, жети тил билет, мамлекеттик бир катар кызматтарда иштеген, министр болгон, эми депутат катары көптөрдү чаңында калтырып, көзгө илинип отурат. Түпкүлүгүнөн чыйрак, каратэ боюнча кара курдун ээси, калемгер, тар чөйрөдө ырдап да коёт, айтор, көп кырдуу таланттын ээси. Бир гана кемчилиги – радикалдуу динчилдиги аксатып келет. Эгерде бул “өнөкөтүн” таштап, Путин сыяктуу улутчулдук саясатты улантып кирсе, анда кийинки президенттик шайлоодо утуп чыгары шексиз. “Аллах” дебей, Кудай, Теңир, Жаратканга таянса эле иши илгерилейт...
"Азия Ньюс" гезити