Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турдакун Усубалиевдин өлкөгө сиңирген эмгеги ушул кезге чейин бааланбай келет

Турдакун Усубалиевдин өлкөгө сиңирген эмгеги ушул кезге чейин бааланбай келет

17-ноябрь, 19:51
360 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын пайдубалын түптөгөн А.Орозбеков, Ж.Адрахманов, К.Тыныстановдун эмгектери бааланып, ысымдары түбөлүккө калтырылды. Бул жагынан Исхак Раззаков абдан эле жолдуу болуп, шаарга, университетке ысымы берилди. Ал эми өлкөнү 24 жыл башкарып, гүлдөтүп өнүктүргөн Турдакун Усубалиевдин эмгеги ушул кезге чейин бааланбай келатат. Биринин канын бири ичип, биринин башын бири жуткан коммунисттердин заманында Сталинди Н.Хрущев жаманатты кылган салт уланып, Т.Усубалиев кызматтан түшкөндөн кийин Медеткан Шеримкулов партиялык ревизиялык комиссиянын жетекчиси болуп, Т.Усубалиевди каралап жаманатты кылганы белгилүү. Бирок Т.Усубалиев эгемендүүлүктүн жылдарында да парламентте депутат катары иштеп, сууну кошуналарга сатуу маселесин көтөрүп чыккан. Ал идея ишке ашса, Кыргызстан зор байлыкка ээ болмок. Тилекке каршы, Т.Усубалиевдин өлкөгө сиңирген эмгеги ушул кезге чейин бааланбай, ысымын түбөлүккө калтыруу маселеси тийешелүү деңгээлде чечилбей келет. Бул маселени бийлик тыкыр көзөмөлгө албаса болбой калды окшойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер