“Кемпирабадчылардын” түлөөсү кабыл болсун!


Эртең саат 11.00дө Бишкектеги Anel Grand тойканасында “кемпирабадчылар” түлөө өткөрүшөт. Чакырылгандар – саясый тилектештер, адвокаттар, журналисттер ж.б. Алар бир топ убакытка дейре түрмөдө жатышты, кыйналышты, акыры акталуу процессине да жетишишти. Жамандык ошону менен чыгып кетсин!
Бирок коомчулукту таңгалдырган бир маселе бар. “Кемпирабадчылар” ошончо азапты көрүшүп, күнөөлөрү далилденбей акталышкан соң, эмне үчүн тебеленген укуктарын коргобой калышты? Бул суроо баарын ойлондурууда. Айрымдары миллиондогон кредиттерди алышса, кээ бирлери бийликтин пиар кампаниясын жүргүзүшүп, камыр-жумур болуп кетишкени кандай? Кечээги баалуулуктар, принциптер кандай кызыкчылыктардын негизинде өзгөрүп кетти?
“Кемпирабадчылардын” анабашчысы Азимбек Бекназаров бийликтин камчысын чаап, Камчыбек Ташиевди сындап, бир топ акаарат келтирген эле. Көп өтпөй генералдын тарапташтары соцтармактан жооп кайтарышып, массалык түрдө каршылык көрсөтүп коюшту. “Суу кечпей калды” деп коёт го, ошондой болду.
Айтмакчы, түлөөгө президенттин кеңешчиси Жаныбек Кубандыков да келмекчи. Бул “кемпирабадчылардын” кураторубу?
Кыскасы, түлөө кабыл болсун! Өткөн саясаттан сабак алуу керек. Келечек муунга көмүскөдөгү тар кызыкчылыктарды эмес, үлгү ала турган өрнөктү, туруктуулукту көрсөтүп кетүүнү ойлосок...











