Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Султанов Бишкек ШИИБге дайындалса, курч мүнөздөгү жаңжал чыгып кетпейби?

Улан Султанов Бишкек ШИИБге дайындалса, курч мүнөздөгү жаңжал чыгып кетпейби?

11-октябрь, 00:08
1 162 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кызыл шапкечендер” арасында Бишкек ШИИБ начальнигинин орду талашка түшкөнү бизге чейин жетти. Талас ОИИБ башчысы Марлис Асанов бир жагынан булкунса, экинчи тарабынан Алымбайдын баласы Улан Султанов удургуп, башкалары да тымызын чуркашып, айтор, арааны ачылгандар арбыптыр. (Марлис Асанов боюнча гезиттин 2-бетине жаздык). Ал эми Улан Султановдун жайына келсек, көп “калбыр” иштери чубачудай. Октябрь РИИБни жетектеп турганда жасалма кылмыш иштерин козгото бергени, жеке кызыкчылыгы үчүн фальсификация жасатканы кандай? Дал ушул жагынан башкы прокуратура 25 кылмыш ишин козгогону, аягы чууга айланып, дагы эле басылбай жатканы эмнени билдирет? Олуттуу суроолор бекен? Мындай көрүнүштүн түйүнү чийеленген көйгөйлөргө айланганы, конкреттүү түрдө Улан Султанов жооп бере албай келгени жөн жерден эмес. Жетекчилик адилеттүү териштирүүнү кааласа, көп сырлар чыгып кетчүдөй. Азырынча саресеп сала туралы. Элге үлгү көрсөтө турган милициялар шектенүүлөрдү жаратпашы зарыл. А бизде баары тескерисинче кетүүдө. Эмне кылабыз? Эгерде Улан Султанов Бишкек ШИИБ начальнигине дайындалса, анда эле коомчулук үчүн кенен талкуу жаралып, чуулгандан башыбыз чыкпай калчудай. Кетменди тетири басып, чекеге муш жегендин кимге кереги бар? Андан көрө акыл калчап, Азамат Ногойбаевдин ордуна татыктуу кадрды тандап алсак. ИИМде профессионал полковник кабакты бүркөп отурат го... Аны эмнеге көрбөйбүз? Дагы канчага чейин какшайбыз? Тил тешилгени калды... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер