Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров өкмөттү башкарганда, мынчалык кымбатчылык болбойт беле?

Акылбек Жапаров өкмөттү башкарганда, мынчалык кымбатчылык болбойт беле?

15-май, 17:55
1 569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Ооба, дээрлик дүйнө жүзүндө кыйынчылык жаралып, каатчылык өкүм сүрүүдө. Анын ичинде Кыргызстанда дагы барган сайын кымбатчылык кендирди кесип, күндөн-күнгө абал начарлай баштады. Өкмөт башчы бул көйгөйдү чече албаса да, жок дегендер тийешелүү мекемелер менен жыйын өткөрүп, аракет кылымыш эткенин көрсөтүп койбойбу? Кандайдыр бир деңгээлде кымбатчылыкты тизгиндөөгө далалат жасаса, коомчулук деле туура түшүнмөк. “Жандалбастап атат” дегендей... Тилекке каршы, көңүл жылытарлык көрүнүштөрдү көрө албадык. Адылбек Касымалиевдин эмне кылып жүргөнүн билесиңерби? 

     А баса, Акылбек Жапаров өкмөттү жетектеп отурганда, жалпы системада ырааттуулук сезилип, айтылган орчундуу маселелерге реакция берилип, талкууга эриш-аркак чыгып турчу. Дасыккан экономист катары ийгиликтерди көрсөткөн... Адылбек Касымалиев болсо, ушунчалык кайдыгерби? Эмнеге купулга толбой атат? Эрксизден баш чайкайсың.

     Чындыгында Акылбек Жапаровдун өкмөттү башкаруусунда өнүгүүгө үмүт бар эле. Ал мамлекеттик масштабда ой жүгүртүп, жасап жаткан жумуштарынын келечегин айта билчү. Ошого жараша анализ жасап, эрктүүлүгүн көрсөткөнүн баамдаганбыз. Эгерде ал бийликте болгондо, мынчалык кымбатчылык сазына батпайт элек, туурабы? 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер