Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көчөгө заара ушатып, жосунсуз жорукка барган жаран милиция кызматкериби?

Көчөгө заара ушатып, жосунсуз жорукка барган жаран милиция кызматкериби?

18-ноябрь, 09:34
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле Бишкек шаарындагы үйлөрдүн бириндеги короодо токтоп турган унаага заара ушатып, ага кароолчу эскертүү берсе аёосуз сабап, качып кеткен жарандын ким экендиги такталды. 

Ленин райондук милициясынын Криминалдык милиция кызматы шектүүнүн аты-жөнүн тактап, ал 28 жаштагы Мирмухамбет Ишембеков болуп чыкты. 60 жаштагы короолчуну мыкаачылык менен сабаган жаранды  коомчулук милицияда иштеши мүмкүн деп айтышууда. 

Жабырланган кузөтчүнүн кызымын деп жазган Жанна аттуу жаран Инстаграмм баракчасына мындай пикир жазды: “Саламатсыздарбы. Мирмухамед Ишембиевди тапканга жардам бергилечи. Эки жума өттү. Бирок милиция эмдигиче аны таппай жатышат. Балким, Мирмухамед милиция тармагында иштейт. Анткени, фейсбуктагы баракчасында милициянын формасын кийип түшкөн сүрөтү турат”.

Эскерте кетсек, мас абалдагы топтошкон балдар Айтматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн алдына түн ортосунда ызы-чуу салган. Бир маалда алардын бири токтоп турган автоунаалардын жанына заара ушата баштайт. Ошол учурда күзөтчү ага эскертүү бергени барганда аны заара ушатып аткан жигит катуу сабаган. Андан кийин ал жигит Land Cruiser 100 үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткенин аныкталган. Бул окуя ошол жердеги видео көзөмөлгө түшүп калган.

Аталган факт КРдин Кылмыш кодексинин 266-беренесинин («Ээнбаштык») негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Кылмышка шектүү адамдын аты-жөнү такталгандан кийин анын болжолдуу жашаган дарегине барып таппай койгон укук коргоо кызматкерлери шектүүгө издөө жарыялады.

Ал эми Бишкек ШИИБ учурда сүрөттөгү адамдын чын эле шектүү же шектүү эместиги, ошондой эле милиция органдарына тиешеси бар-жогу да иликтенип жатат.

Aryba.kg


 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер