Баңгизат менен контрабандалык товарлардын залакасы


Баткен окуясы жакшы эле сабак болгонсуду, өзгөчө президентибиз Садыр Жапаров менен аткаминер төбөлдөрүбүзгө. Эмесе, келгиле ала кушту атынан атап чакыралы.
Баткенге тажиктердин басып киришине бир топ жагдайлар түрткү болду. Биринчи кезекте баңгизат менен контрабандалык товарлардын (күйүүчү-майлоочу майлардын жана азык-түлүк) 30 жылдан бери токтоосуз өтүп турганы, акырында бул жолдордун кайсы бир деңгээлде буулуп калганы себеп. Экинчиден, кыргызда жакшы сөз бар, “ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деген. Премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште бакылдап жатып, “Баткендеги Төрт-Гүлдүн башы тажиктерге өтүп калыптыр” деп оозу-мурду кыйшайбай “балп” эттирип айтып салган. Дагы бир жагдай, Камчыбек Ташиев ошол суу бөлүштүргүчтүн башына суу сактагыч курууну, “Ворухту биз алмашабыз” дегени кошул-ташыл болуп, тажик бийлигин дүрбөлөңгө салды. “Бу кыргыз бийлигин кантип токтотобуз?” деген коңшулар дипломатия жолун тандашпай, күч колдонууга, агрессияга өтүштү.
Урматтуу Улукбек Асамидинович жана Камчыбек Кыдыршаевич, сиздердин кыргыз эли үчүн күйүп, “мамлекет өсүп-өнүксө экен” деп иштеп жатканыңыздарды билип турабыз. Ошентсе да эл аралык маселелер боюнча өтө этият болуп сүйлөсөңүздөр. Өзгөчө Камчыбек Кыдыршаевич, сиз жетектеген мекеме купуя иштерди алып барат. Бул жерде мамлекеттин жана жеке жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу шарт.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, коопсуздук кеңештин катчысы Марат Муканович, Баткен окуясы боюнча шалаакылык кылган облус, райондук УКМК, прокуратура, ИИМ, чек ара кызматындагы жана башка администрация жетекчилерин күнөөсүнө жараша жоопко тартыңыздар. Буларга мындан кийин өтө катуу сабак болгудай кылыш керек.
Азыр да Баткенден Тажикстанга карай контрабандалык товарлар, өзгөчө күйүүчү-майлоочу майлар ташылып жатканы өкүндүрөт. Муну эмнеге тосушпайт? Контрабанда токтош үчүн дагы канча киши өлүш керек?..
"Азия Ньюс" гезити











