Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандын кризистен чыгып кетишин сырттан карап туруу чыккынчылык

Кыргызстандын кризистен чыгып кетишин сырттан карап туруу чыккынчылык

29-апрель, 01:51
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезитинин өткөн санында “Жолборс Жоробеков эмне үчүн саясаттан кетип атат?” деген билдирүүнү окуп, өзүм да таңгалып калдым. Анткени мен саясый кызматты аркалабайм, бирок саясаттын ичинде да, сыртында да болгон адам катарында тек гана саясый процесстерди изилдеп келем. Сурат иним менен бир “боор батырышып” сүйлөшкөндө “күнүмдүк саясат тажатты, ошондуктан түпкүлүктүү нерселер менен шугулданайын, жаш өйдөлөгөн сайын жаза турган маселелер көбөйүп, убакыт жетпей жатат” дегендей сөздөр болгон эле.

Албетте, саясый илимдеринин доктору, профессору катары СССРге чейинки мамлекеттик түзүлүш, анын табияты, кийинки жаңы суверендүү мамлекеттердеги бийлик, алардын өзгөчөлүктөрү, саясый түзүмдөрү, алардагы дурус жана буруш жактары көз жаздымдан сыртта калбайт да. Мамлекет да, биз да жаш болчубуз, көп нерсени түшүнбөдүк, биз ойлогондой болбоду, эми мамлекетибизди аңдап-түзөп кете турган мезгил келди деп ойлойм.

Тиги Америка менен Европаны коё туруп, бу өзүбүзгө канатташ мамлекеттерден эле байкап, жакшысын үйрөнүп, начар жактарын ыргытпайлыбы? Балтика жээгиндеги республикаларды айтпай эле, бу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Грузия мамлекеттериндеги бийлик алмашуулар кандай жүрүүдө? Өзүбүздөгү үч жолку жыйынтык бербеген төңкөрүштөр, кайсы бир адамдын “кан төгүп болсо да бийликке жетем” деген урааны астында күнөөсүз мерт болгон жигиттер, акыр аягында алар үчүн кимдир бирөө жооп берип, элибизди жакшы жашоого алып келиши керек да.

Мына жаңы бийликтин иш жүргүзө баштаганына 3-4 айдын жүзү болуп калды. Интернет айдыңында, массалык маалымат каражаттарында улам нааразычылыктар күчөп, кайра эле баягы жол менен бийлик алмаштырабыз деген каңырыштар угула калып жатканы көпчүлүктү эле эмес мени да ойго салат. Азыр күтө турган мезгил эмес, коомчулук Жапаровдон иштиктүү чараларды күтүп жатат. Дагы эле элдин ишеним кредити жогору, эң сонун жолдор жана мүмкүнчүлүктөр бар, “темирди кызуусунда согуш” керек. Элдин кызыкчылыгы, элдин мүдөөсү биринчи орунда турушу ар бир жетекчинин ыйык парзы.

Ушуларды жазып жатканда эске келет, өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында Фидель Кастро Кубада бийликке келип, алгачкы визитин Москвага жасайт. Ошондо журналисттер андан “кантип коммунист болуп калдыңыз?” деп сурашса,  “мен карапайым калктын таламын талашып, алардын турмуш тиричилигин оңдойм деп жүрүп эле карасам марксист-коммунист болуп калыптырмын” дегени эске түшөт. Ошондуктан бизде да бардык нерсе элдин кызыкчылыгы аркылуу өтүшү шарт. Айталы, завод-фабрика ачабызбы, же ГЭС курабызбы, же кайсы бир кенди иштетебизби, же чек араны чечебизби, алгач элди ишендириш керек, элдин макулдугу керек.

Ал эми чек ара маселеси – бул өтө олуттуу өтө тагдыр чеччү маселе. Бул жагынан Ташиев бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Бир гана белгилей турган нерсе, адатта чек ара алгач атайын түзүлгөн комиссия, министрликтин деңгээлинде анан өкмөт, президент, Жогорку Кеңеште ратификацияланып бүтөт эмеспи. Мүмкүн бул жол менен, айталы, Оштон Араванга бараткан жолдун четин, Майлы-Суудагы Ош–Бишкек жолунун жээгин, Көлгө бара жатканда айланма жолдогу жолдун жээгине чейин казактар тосуп алган жерлерге окшогон адам жашабаган жерлерди ушинтип чечсе болот. Анткени бул жерде эл жашабайт, бош талаалар, коңшулар чычкан өткүс кылып тосуп алган жерлер. Ал эми эл аралаш жашаган элдүү участокторду алгач ошол жердин эли менен, коңшулар менен да биригип консенсуска, бир мунасага келип чечүү керек. Качан гана бул маселелер жеринде чечилгенден кийин гана анан жогору жактагылар аны бекитип гана коёт. Чек ара маселесинде өтө кылдаттык, түшүнүшүү, макулдашуу ынандыруу жолу менен, документтер, карталар ж.б. материалдар аркылуу кынтыксыз жүргүзүү шарт. Күч көрсөтүү, негизсиз эле билдирүүлөрдү жасоо максатка ылайыксыз. Дагы бир кыстырма: чек ара маселеси боюнча мурда-кийин иштеген адистерди, ошол жердин абройлуу инсандарын да комиссия курамына кошсо өз жемишин берет деп ойлойм.

Эми күнүмдүк саясаттагы көзүң жетип турган кайсы бир маселелер кечээки эле соңку жаңы тарыхыбызда болгонун, “ушул эле маселе коңшуларда кандай эле? Эмне болду? Деги эле саясат таануунун теориясы менен практикасында кандай? Ал эми биз кандай кылсак максатка ылайык келет?” дегендей ойлорду айтып-жазып, керектүү жерге киргизсең да эч жооп болбойт. Бизде азыр бардык маселелер өтө олуттуу. Экинчи катардагы маселе жок. Мүмкүнчүлүгү барлар кире турган жерлерге кирип сунуштарын, кеп-кеңештерин берип жаткандар. Эмнеси болсо да элибиздин турмуш тиричилиги оңолуп жакынкы жана алыскы өлкөлөргө шылдың болбосок экен. Эмесе “мурдагы президентиңер алкаш, жинди экен” дегендерди угуп, намыстанганыбызды  эстейм. Эми улам-улам эле президенттерди чаап түшүрө бербей, жапатырмак жардам бербейлиби? Албетте, айтылгандарды укса, туура деп тапса. Дагы эскертип айталы, дале абалды оңдоого мүмкүнчүлүк да, көптөгөн жолдору да бар. Бир гана мурдакылардай болуп “бул биз менен эмес”, “булар эл бузарлар”, “тиги жаман ойдогу оппозициялар” дебей, бардык күчтөрдүн башын бириктирүү керек. Тарыхта калам десе, элге жакын болуп, тегерегиндеги таза эместерден, анан кошоматчылардан арылышы зарыл. Өзүн конструктивдүү өкүртө сындагандарды жанына тартып, Назарбаев айтмакчы, “келгиле, казактын арабасын чогуу тарталы” деш керек. Мурдагы президенттердин бардыгынын түбүнө ошол тегерегиндеги кошоматчылар менен таза эмес шайлоолор жеткенин билебиз да.

Академик Абдыганы Эркебаев айтмакчы, президент астына улуттук макамдагы кеңешпи же комиссиябы түзүшү өтө зарыл болуп турат. Мунун курамына коомдогу бардык күчтөрдүн өкүлдөрү киргизсе акыйкат болмок. Бул түзүм коомдогу көйгөйлүү маселелерди бийликке жеткирип, аны чечилишип көзөмөлдөйт эле.

Мындай түзүмдөрдү көйгөйү көп тармактар боюнча түзсө да болот. Аны менен элдин арасындагы ар түрдүү өйдө-ылдый сөздөрдөн кутулса болот. Жолдор, методдор, каражаттар керек болсо, башка мамлекеттердин тажрыйбасы да толтура, бир гана аны билгичтик менен колдоно билиш шарт. Бардык аракеттер карапайым калктын кызыкчылыгынан гана чыгышы керек.

Эми Сурат иним айткандарга кайра келсек. Албетте, гезит-журналдарга күнүмдүк саясый процесстер боюнча макала-материал жазганды, маек бергенди, радио-теледеги дебаттарга, берүүлөргө катышууну токтото турсамбы дегем. Анткени азыр илимдер академиясында иштейм, пландуу иштер бар. Андан башка жакында “Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны” деген бир топ көлөмдүү китепти басмадан чыгардым. Кыргызстандын эгемен жылдарындагы саясый тарыхына терең из калтырган эки-үч инсандын саясый портреттери жөнүндө да материалдар дээрлик даяр болуп калды. 1996-жылы басмадан чыккан “Этнодемографиялык жана этносаясый процесстер” (орус тилинде) деген монографиямды акыркы маалыматтарды кошуп кайрадан басмадан чыгарайын деген илгери үмүт бар.

Булардан башка кыргыз тилинде “Этносаясый процесстер” деген монография да дээрлик даяр болуп калды. Ал эми Горбачевдун “жаңыча ой жүгүртүүсүнөн” бери 35 жылдай мезгилде мезгилдүү басма сөздөргө чыккан макала-материалдардын да чогултуп, ар бирин комментарийи менен чыгарсам деген да максат бар. Мүмкүн эки же үч том болобу, азыр болжош кыйын. Булардан башка кечиктирбей чыгара турган материалдары даяр болуп калган “Оргу” уруусунун тарыхы. Анткени мен Оргу деген уруудан болом. Кыргыз тарыхы менен этнографиясында Оргу уруусу жөнүндө өтө эле аз материал бар. Оргунун ашыктык ырлары, кошоктору, ар түрдүү айтымдары да өзүнчө болот шекилди. Анткени аны бүгүн жазып калтырбаса эртең жок болуп кетет. Ушундан улам эске түшөт Г.Г.Маркес Нобель сыйлыган алганда адамдар апасына келип, “балаң чоң сыйлык алды” дешсе, апасы бизче айтканда “...аа бу айылдагы катын-калачтардын айткан-деген ушак-айыңдарын чогултуп жаза берип болгон турбайбы” деген экен. Ошонун сыңарындай, Оргудагы материалдарды окумуштуу С.Кайыпов окуп көрүп өзгөчөлүгүн айткан эле. Ага менин 90 жашка барып калган Патила жеңемдин “Балдарымдын сараси” деген кошокторун көргөзгөн элем. Аны өзүнчө кичинекей китепче кылып чыгаргам.

Алардан башка Оргунун чыгаан инсандары Жалал аке, Кыргызбай аке, Шамши аке, Ураим Гулматович, Эсенали Сандович ж.б. бир тобун көрүп-билип сүйлөшүп калдым, ошолордун эл үчүн жасаган иштери, айткан-дегендерин да жазып келечек муундарга калтыруу керек. Булардан башка да көңүлдө багып жүргөн ойлор бар. Мына көрүнүп тургандай, убакыт жок, же Сурат айткандай, Америкага кетейин деген ой да жок, эч ким менен жаман-жакшы айтышып, мени капа кылган да киши жок. Болгону ушул жөпжөнөкөй эле себептер.

Болбосо бир телеканалдан экинчисине чуркап, бир радиодон дагы бирине барып, мезгилдүү басмаларга байма-бай маек куруп, материал жазып көчө эксперти болуп жүрсөм буларды ким жазат. Илгери Чыңгыз Айтматов бир маегинде “гезит окубайм, радио-телевизор көрбөйм” деген эле. Чындыгында жаш өйдөлөгөндөн кийин түбөлүктүү нерселерге качырып калат экенсиң. Анүстүнө биздин айткан-дегендерибиздин азыр эч кимге кереги жок. Ошондуктан өзүбүздүн арабабызды өзүбүз тарта беришибиз керек. Бирок Кыргызстандын абалы зээниңди кейитет. Ошентсе да мүмкүнчүлүк бар, аны билгичтик менен гана пайдалана билиш керек.

Кандай болгон күндө да мамлекетибиздин гүлдөп өсүп-өнүгүшүнө ар бир инсан мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам беришибиз керек. Мындай улуу миссиядан сыртта байкап туруу өзү чыккынчылык.


Жолборс Жоробеков 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер