Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Жергиликтүү жетекчилер укуктук талаадан чыгып кетишти”

Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Жергиликтүү жетекчилер укуктук талаадан чыгып кетишти”

30-апрель, 20:36
2 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төлөгөн агай, акыркы мезгилде жеке менчик маселеси көтөрүлүп, нааразычылыктар жаралууда. “Снос” деп буза берип, укуктук талаадан чыгып жаткан жокпузбу?

-- Баардык аракеттер мыйзамдын чегинде гана болуш керек. Жеке менчик – кол тийгис, жеке менчиктеги мүлк мамлекеттик, муниципалдык менчиктер менен бирдей эле мыйзам менен корголот. Эгерде кандайдыр бир имарат, курулуш негизсиз тургузулуп калган учурда дагы анын мыйзамсыз курулганы далилденгенден кийин соттун күчүнө кирген чечими менен бузулушу керек. Ооба, тартип, жаңылануу, өзгөрүү болуш керек, бирок мыйзамдын чегинде гана, жарандардын укуктарын тебелеп-тепсөө менен эмес. Азыр Кыргызстан боюнча аким, архитектура, милиция, президентин облустагы өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары сот чечими жок мажбурлоо же өзүм билемдик менен снос (бузуу) иштерин жүргүзүп, укуктук талаадан чыгып кетишти. Кыргыз Республикасынын Башмыйзамына ылайык, жарандарды мажбурлоо сот чечими менен гана ишке ашыруу каралган. Жергиликтүү бийлик же тийиштүү мекеме-уюмдар сунуш кат бергенге гана укуктуу. Эгерде ал сунуш каттын негизинде мыйзамсыз курулушту бузбаса, сот органдарына кайрылып, мыйзамсыз курулуштун ээси өз эсебинен бузуп, мурдагы абалына келтирүүнү сот өз чечимин менен милдеттендирет. Биздин мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк талаш-тартыш болсо да сот аркылуу чечилет.

Граждандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркиндигин жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, жеке иштерге кимдир бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, граждандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделет деп Жарандык кодексте жазылып турат. Ошондуктан аким, мэр, айыл өкмөттөр ыйгарым укук, милдеттерин окуп, үйрөнүп алышса болмок.


Айнура Мырзабекова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер