Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алыкул Осмоновдун эмгек ырларынын этикалык-эстетикалык күчү

Алыкул Осмоновдун эмгек ырларынын этикалык-эстетикалык күчү

09-июнь, 11:25
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(«Өндүрүштүк теманы» өлбөс кылган талант) 

Алыкул эмгек ырларын учурдун конъюнктурасына ылайыктап жазган эмес. Ал агымдагы актуалдуу темаларга же календардык датага кайрылса да ырларынын бир күндүк эмес, миң күндүк болушуна кам көргөн. Анткени анын атайын ичтен тутунган акындык кредосу болгон. Алыкулдун айныбас акындык мүдөөсүн аңдаш үчүн анын «Акын» деген 6 сап ырын окуу керек: 

Акын жолу, ардактуу жол урматтуу,

Жаман акын эл алдында уяттуу. 

Акын жазган, биз окуган төрт сап ыр, 

Дүнүйөгө калуу керек жаңылбай, 

Жаз, жай, кыш, күз, 

деген төрт сөз сыяктуу. 

Алыкул Осмонов жазып жаткан төрт сап ырынын жаз, жай, күз, кыш сыяктуу өлбөс болуп жыл сайын кайрадан айланып келип турушу үчүн күн-түн алпурушуп иштеген. «Олтурам үйдө жалгыз, ойлордон ойго батып түпсүз-сансыз, Пушкинден, Шота абамдан акыл сурайм, кайрадан көбүн оңдойм, иргейм, ылгайм» деп акын «Жамандоо» деген ырында өзүнүн чыгармачылык лабораториясын бизге ачып берет. Ыр токууда ушинтип ар бир сөз, ар бир сап үчүн күрөшүп узангандыктан акындын адабиятыбыздын имаратына койгон «кыштары» урабай, азыркыга чейин бекем турат. 

Жаз, жай, күз, кыш сыяктуу жоголбой улам кайрылып келип турган «Күз» аттуу ырын аттап кетсек, сөзүбүз кургак болуп калар, бирок сөз узарып кетпес үчүн ырдын бир эле куплетин мисалга алалы. Биринчи куплет аркылуу калган куплеттердин көркөмдүк ажары кандай экенин көз алдыга элестетип койсок болот. Мына окуйлу: 

Калкка берген карыздарын кыя албай,

Мүлкүн чачкан шок балдарын тыя албай,

Кабын алып айылыбызга күз келди,

Жазгы айдаган картошкасын жыя албай.

Ырдын адаттан тыш, бөлөкчө стилде, башка акындардыкына окшошпогон манерада жазылгандыгы дароо көзгө урунат. Бул манера Алыкулдун туруктуу көрүнүшкө айланган метафоралуу, образдуу чагылтуу манерасы. Акын өтмө маанидеги троптук каражаттардын бүтүндөй бир тобун жана бири-бирине таамай үндөшкөн, жупташкан этиштик уйкаштарды колдонуу менен «ак төөнүн карды жарылган» күздүн кебетесин, түшүм берекесин алаканга салгандай элестетип койгон. Акындын адабий фантазиясына жана чеберчилигине, стилине сонуркайсың. Ырдын калган куплеттери да ушундай эле сапатта. Ичиңден жумшак жылмайып, аягына чыкканча эстетикалык рахат алып жүрүп отурасың. «Күз» ыры календардын барагы, сезон менен кошо кетпей турган, эстетикалык мүлк катары өмүр бою окурманды коштоп жүрө турган чыгарма. «Күздү» окугандай эле рахаттанууда акындын «Жүзүм айы», «Сугат маалы», «Чөп чабык» ырларын да соңуркап окуйсуң. Анын «Чөп чабык» ырында адамдык сапатты күчөтүп, кескин чоңойтуп көрсөткөн гротеск ыкмасын пайдаланган. Согуш убагында оорукта оор жүк көтөргөн алатоолук аялдарды «алп аялдар» деп атап, Алыкул кыргыз кыз-келиндеринин каарман элесин түбөлүккө калтырган. Өтүп кетме сезондук учурлардан, эмгек процесстеринен өлбөс ирмемдерди, мотивдерди кармап, сүрөткө ала билген акындын жөндөмүнө баракелде дейсиң. Айтмакчы, А.Осмоновдун «1945-жыл, 31-декабрь» деген ырын бүгүн да, эртең да телерадио аркылуу калайык калкка угузуп тура турган ыр десек жаңылышпайбыз. Бул ыр акындын 1972-жылы тандалма жыйнагына бекеринен киргизилген эмес. А.Осмонов календардык ыр жазса да түбөлүктүүлүктү көздөп жазган. Анткени, алды жакта айтылгандай, А.Осмоновдун максаты псевдоадабиятты эмес, нукура адабиятты жаратуу болгон.

Ошондой эскирбей, көөнөрбөй, маанисин жоготпой жашап келаткан чыгармаларга акындын жумушчу темасындагы ырлары да кирет. Алыкулдун «Маляр» деген ырын ким билбейт? Тээ илгертен мектеп программасына кирип, окутулуп келе жаткандыктан «Маляр» ар кимибиздин оозубузда, жадыбалдай жатталып, жадыбызда: 

Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, 

Кабак түйгөн капалыкты айдады. 

Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен. 

Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.


Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы, 

Кеткенине кубанды уул, атасы. 

Ушул адам, ушул эски кийимчен,

Бул дүйнөнүн үстүндөгү тазасы.


Үй тазарды, жарк деп кабак ачылды,

Өмүргө кас, учкан чаңдар басылды. 

Сөздөрү орой, чала кызуу бул адам,

Бул дүйнөнүн асылынын асылы.


Эң кеч жатып, элден эрте тура алган, 

Ойлогонун ойдогудай кура алган. 

Касиеттүү мындай кымбат кесиптен, 

Менин атам, билбейм неге кур калган?

Кыргыздын адеп-ахлагында сөз менен иштин биримдиги адамды баалоонун негизги чен-өлчөмү болуп келген. «Эрдин сөзү эки эмес», «Жакшы адамдын сөзү менен иши бир» дейт кыргыз макалы. Алыкул Осмонов малярга ушундай критерий менен караган. Бул жумушчу адам эң кеч жатып, элден эрте турат, ойлогонун ойдогудай кура алат. Сөзү эки ача эмес, жоопкерчиликтүү, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып, жумушун эң жогорку сапатта бүтүрүп, адамдарга кылганы жалаң гана жакшылык. Карачы, бир чоң үйдү тазалап, актап, майлап, кабак түйгөн капалыкты алыска айдап, ак мээнети менен тамдын ичин да жаркыратып, ата-баланын көңүлүн да жаркыратып, жомокту жасап таштады. Анан кантип акындын бул адамды «бу дүйнөнүн үстүндөгү каймагы, тазасы, асылы» дегенине ишенбей коёсуң? Акындын малярды ишин көрсөтүү аркылуу даңктаганы ишенимдүү. Автор «сөздөрү орой» деп да кеп арасында айтып өтөт. А.Осмоновдун «Маляр» ырына идеализация эмес, реализм мүнөздүү. Маляр жумушчу кээде оргу-баргы жүргөнү менен өзөгү тунук, ниети ак, жүрөгү таза. Акыркы куплетти автор «Менин атам билбейм неге кур калган» деп өкүнүп аяктаганы менен бул саптын ары подтекстинде «касиеттүү кымбат кесипке» тоолуктарды үндөө, патриоттук чакырык да жатат. Бул образдуулукка оронгон насыйкат кыргыздын улан-кыздары үчүн бүгүн да актуалдуу.

Алыкул Осмоновдун «Маляр» ырына катарлаш жумушчу, завод, техника темасына арналган «Жумушчунун мүнөзү», «Жумушчу», «ФЗОдогу иниме», «Маржанкүл», «Плотник», «Устанын сөзү», «Карабек», «Автобус» сыяктуу ырлары да бар. Бул ырлар эмгек лирикасынын дандуулары катары 1972-жылы Турар Кожомбердиев түзүп, басмадан чыгарган акындын «тандалган ырлар жана поэмалар» жыйнагына кирген.

«Өндүрүштүк тема» деп аталган жумушчу, завод, фабрика темасына кызыгуу бүгүнкү XXI кылымдын акындарында пастап калган сыяктуу. А бирок өткөн кылымдын 30-40-жылдарында аталган тема кыргыз поэзиясында акындардын кыялын алып учкан эң бир кызыктуу, романтикалуу тема болгон. Себеби, эксплуатациядан куткарылган жумушчу пролетариат менен дыйкандардын жаңы келечекти курууга багытталган эркин эмгеги кыргыз акындары тарабынан жаңы мазмунга жык толгон жаңы социалдык-нравалык баалуулук катары эргүү менен кабыл алынган. 

Экинчиден кечээки көчмөн элдин жаш акындары үчүн кыргыз жерине биринчи келип жаткан техника, машина, тракторлор, паравоз, аэроплан, салынып жаткан заводдор, темир жолдор, андагы жумушчулар акыл-эсти айраң кылган өзүнө бир айтып бүткүс жаңылык болгон. Ошол кездеги акындардын социалдык-психологиялык абалынан кабар алуу үчүн бир тарыхый фактыга кайрылалы. Кара-Балтада биринчи ачылган тунгуч кант заводуна барган Жусуп Турусбековдун психологиялык чоо-жайын Саткын Сасыкбаев минтип сүрөттөйт: «Завод аймагына темир жол линиясы аркылуу бет алдык. Бийик жалга көтөрүлгөнүбүздө Жусуп кубангандай кыйкырып жиберди: “Э-ээй! Мына сонун көрүнүш, сонун көрк! Ала-Тоого жакын бийик морлору көкөлөгөн чоң завод! Көк түтүнү күпүлдөп иштей баштаган заводдун тышынан да ичин, машиналарын, иштеп жаткан жумушчуларды, кайнап чыккан кантты көрөлү! Убап-чубап туу көтөрүп келип жаткан эл. Мына эмесе, Кыргызстан кант өнөр жайына да ээ болду!” деп Жусуп толкунданды. Ушунча болуп Жусуп менен завод цехтерин аралаганым ошол. Тигини-муну карагысы, көргүсү келет. Баарына кызыгат, баарына таңкалат. Суроонун үстүнө суроо берет. Жапжаңы көзгө илешпей айланып иштеп жаткан кызыл, көк, сары, жашыл сырлары жалтылдаган станокторду көргөндө Жусуп алда кандай болуп эргиген: “Ушул машиналар да кишинин акылы менен жасалды да! Ай киши, киши!”.

Кайнаган казандардын ысыгы, тумандаган буу, машиналардын жаңырыгы аралашып жаткан ысык цехке да өттүк. Жусуп боргулдана тердеп, кепкасы бир жагына ого бетер кыйшайып кеткен. Белкурчоолоруна чейин жылаңач болуп, буу казандарды тейлеп турган жумушчулар менен кол алышып, кыйкыра сүйлөп, жай сурап жатты. Блокнотуна бирдемелерди чийип белгилейт. Көзү ансайын бадырайып, көйнөгүнүн бөйрөмчөсү курсагына чейин чечилип кеткен. Эки жеңи каруусуна чейин түрүлүү. Төшүнөн тер чыпылдайт. Кызыкканы ушунчалык. Блокнотунун бир нече барагын таргылала кылып толтуруп салды.

Баарынан да Жусупка заводдун котельный цехи чоң таасир кылган эле. Ооздорунан от-жалың күркүрөгөн мештерге күрөктөп көмүр ыргытып турушкан кара алжапкычтуу, жылаңач, жылаңбаш кочегарларды карады да калды. Эки колу артында, оозу күбүрөйт. Булчуңдарынан ташкөмүр тозоңу аралаш кара тер аккан көздөрү, тиштери гана жылтыраган кочегарларга жалбарынып тургандай. “Чыныгы кишилер ушулар! Ушинтип иштеген жумушчулардын, жөнөкөй кишилердин турмушун жазууга далбас уруп жүргөнүңдү кубаттайм. «Кочегар» деп жазган бир ырым да эсиме келди. «Иште завод, иште завод, мен да сенин кочегарың болоюн!» деп жазсам керек эле. Ушул кишилер, ушундай заводдор жөнүндө дагы жазат экемин, карап тур! Жумушчу табынын азаттыгы үчүн күрөшүп, эмгек жазышкан Маркс, Энгельс, Ленин деги акылмандар экен да! Ошолордун жолу жол!” де Жусуп ишенимдүү, жигердүү айткан». (Жусуптун соңку жылдары. Китепте: С.Сасыкбаев, Тандалган чыгармалар, 1977.). 

Бул эскерүүдөгү Жусуптун «чыныгы кишилер ушулар» деген создөрү Алыкулдун «Маляр» ырындагы «бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы» деген ою менен үндөшүп турат. Кыскасын айтканда, Саткын Сасыкбаевдин документалдуу экерүүсүндө тартылган Ж.Турусбековдун психологиялык портрети 30-40-жылдарда жумушчу темасынын көчмөн кыргыз акындары үчүн канчалык мааниге ээ болгондугун айныгыс түрдө далилдеп берет. Таңгалгандыктан жана сүйүнгөндүктөн акындар кээде жумушчу эмгектин, техниканын, станоктун жүрүшүн, үнүн туурап да, жалынып-жалбарып да ырларды жазышкан. 

Мисалы, ошол эле Жусуп Турусбеков: 

Така-така-така-так, 

Шака-шака-шака-шак.

Качкын жолон дегендей,

Түтүн бур-бур, пипа-пап,

Желди жиреп паравоз,

Учкан куштай баратат. («Жол ыры») деп жазып жатса, Жоомарт Бөкөнбаев

Жарышып балкалар да чака-чака

Тынымсыз эмгек кайнап бака-шака, («Гудок урганда») деп ырдап турат. Ал эми Алыкул Осмонов «Автобус» аттуу ырында «Күр... күр эткен моторуңдан садага, сени айдаган шопуруңдан автобус» деп машинага агынан жарылган саптарды арнаган. Россияда кээ бир акындар (мисалы, Сергей Есенин) кайыңдар буралган, чөмөлөлөр үйүлгөн, бейпил жаткан орус деревнясына техниканын келишин темирдин табиятка кысым жасай башташы деп карашса, биздин тоолук акындар кыргыз жергесиндеги дүрүлдөгөн моторлорду, заводдордун трубаларын, темир жолдорду Ала-Тоонун бооруна түшкөн «Жаңы сайма» катары кабыл алышкан. «Темир жол сайма эмей эмне турат, бул гудок Ала-Тоонун жаңы үнү, жаңы тууган айы, күнү!» (Жусуп Турусбеков «Жаңы сайма» ырынан.), «Эски турмуш туткунунан кутулуп, бар жумушту машинага чегели» ( М.Элебаев - «Техникага жөнөдүк» ырынан) «Бул Карабек кыргызымдын эң туну, заводумдун ууз сүтүн кана ичкен, заводумдун дулдул канат кулуну» (А.Осмонов - «Карабек») ырынан. Жыйынтыктап айтсак, техниканын, өнөр жайдын жаңылыктары, жумушчу деген жаңы кесип, дегеле баардык тармактагы эмгек процесстери кыргыз адабиятында турмуштун, коомдун жаңырышынын символикасы катары түшүнүлүп, «өндүрүштүк тема» – эмгек темасы көркөм чагылтуунун эң татыктуу объектиси делип туюнулган. 30-40-жылдарда кыргыз поэзиясындагы эмгек темасынын активдүүлүгү мына ушинтип көчмөн акындардын бир жээктен экинчи жээкке өтүп жаткан учурдагы дүйнө туюусу, социалдык-психологиялык абалы менен тыгыз байланышкан. Албетте, бул жерде жумушчу-дыйкан өкмөтүнүн социалдык заказынын ролу да бар. Ошол кездерде «Эмгек гүлү», «Эмгек төлү», «Ак алтын менен кара алтын» деп аталган ыр китептери баш болгон пахтачылар, шахтёрлор, кызылчачылар, сокочулар, чалгычылар, сугатчылар, койчулар, жумушчулар жөнүндөгү толгон-токой ырлар, поэмалар өз доорунун добулбасын какканы менен бүгүнкү күндө окумдуулугун, таасирдүүлүгүн пастатып, тарыхый-адабий процесстин фактысына айланып тургандыгы чындык. Ал эми Алыкул Осмоновдун эмгек ырларынын мыкты үлгүлөрү боёгун оңдурбай, мезгил менен тең кадам шилтеп келе жатат. Анткени А.Осмонов «өндүрүштүк темага» ыгын таап, өчпөс мазмун, өзгөчө тереңдикти берип жаза билген. Мисалы, көзү өтүп кеткен жөнөкөй гана койчунун күмбөзү жөнүндөгү «Жактырдым» ырын эле окуп көрүңүзчү. Лирикалык каарман койчу Жапардын жакшынын жакшысы, ак ниет, мээнеткеч асыл адам экенине тирүүсүндө күбө болгон. Ага тургузулган күмбөздү капыстан көрүп, мындай эстеликке Жапардын татыктуу экенин ойлоп, кубангандан маңдайы жаркып, күлүп ийет. Анан калса, күмбөздүн күн жагында Жапардын төрт карала улагынын керилип уктап жатышканын карабайсыңбы. Жапар убагында кой-эчкисине, козу-улагына мээримин төккөн. Малына жанын берип баккан. Эми ээсинен ажырагысы келбеген төрт карала улагы бейитти айланчыктап оттоп Жапарды жалгызсыратпай, күмбөзүнүн кырына чыгып, жуушап жатышат. Ушундай шарттуу ыкманы колдонуу менен акын жөнөкөй эмгек адамынын нравалык сулуулугун ачып берген. Ыр мындайча аяктайт:

Мейли түндө, мейли бешим, күүгүмдө,

Жапар күнү башка түшкөн күнүмдө,

Мен өзүмчө-өлбөс күн деп эсептейм,

Бир тирүү жан тепсеп турса үстүмдө.

Көрүнүп тургандай, ыр терең ойлуу, философиялуу аяктаган. Чыгарма жөнөкөй, түйшүктүү кесиптин ээси, койчу Жапар жөнүндө болсо да, терең баам салсак, ырдын ар бир куплети өмүр, өлүм, жашоонун маңызы жөнүндөгү түбөлүктүү проблематикага байланып жазылган. Ырдын сюжеттик-композициялык чордонунда күмбөздүн үстүндө уктаган төрт улак турат. Чеберчилик менен табылган төрт улак эпизодунун поэтикалык мазмунду уюштуруучулук функциясы болбосо, ыр мынчалык орошон ойлуу деңгээлге чыкпай калмак. Төрт улак жөнүндөгү бир чети көркөм шарттуу ыкма маркумдун жасаган жакшылыктарын жарык дүйнөнүн унутпагандыгынын символикасы катары кабыл алынат. Койчу Жапар бүгүн жер астында жатса да, анын асылдыгынын тартуу күчү жер үстүндө жашап турат. Демек, Жапар өмүрүн текке кетирген эмес, маңыздуу, мазмундуу жашап өткөн. Ал тирүү.

«Күлө карап, мен бармын деп тургандай, баягы эле тирүүсүндөй сезилет». Төрт улактан улам лирикалык каармандын аң-сезиминде ассоциациялар жаралып, ал «бир тирүү жан тепсеп турса үстүмдө» деп жатпайбы. Албетте, муну буквалдуу түшүнүүгө болбос. Акыркы куплетте көзүм өткөн соң тирүүмдө өчпөс кылып жагып кеткен отумдун табына адамдар дайыма жылынып, элесим эл-журттун эстутумунда сакталса, анда менин Жапар сындуу өлбөс болуп жашаганым ошол деген философия туюндурулуп отурат.

Мына ушинтип Алыкул Осмонов адабиятта «өндүрүштүк тема» деп аталган нерсеге келгенде, көнүмүшкө салбай, чыгарманын күнүмдүгүн эмес, түбөлүгүн ойлоп, изденип, жаза турган маселесин адам баласын дайыма коштоп жүргөн озуйпалар, жагдай-көрүнүштөр менен ашташтырып, оригиналдуу көркөм жолдорду жана боёкторду, колориттүү поэтикалык штрихтерди таап жаза билгендиктен, акындын эмгек ырлары эскирбей, эл-журтка эстетикалык рахат тартуулап келе жатат. А.Осмоновдун «өндүрүштүк» ырлары 40-жылдарда кыргыз адабиятында эмгек лирикасын жаңы сапаттык деңгээлге көтөргөн көркөм дөөлөттөр болуп саналат.

Корутундуга келели. Ырас, коом турмушунун, адамзат тиричилигинин түйшүктүү оор жүгүн ноюбай, атан төө сыяктуу аркалаган карапайым эмгекчи адамдар, Алыкул жазгандай «бу дүйнөнүн үстүндөгү каймагы». Бирок Алыкулдун ою боюнча, каармандардын «каймак» экендиги алардын караандай мээнеткечтигинде гана эмес, ошол эмгекке болгон «арамы жок ак ниет, ак жүрөк» мамилесинде, таза адеп-ахлагында. Алыкулдун эмгек философиясында эмгек менен мораль камыр-жумур болуп жуурулушкан. А.Осмоновдун эмгек лирикасында мындан башка дагы бир чоң идея бар. Акындын поэтикалык образдарынын логикасы боюнча эмгектин көркү, маани-маңызы, пенденин жеке таламы үчүн гана эмес, эң биринчи иретте көпчүлүктүн бакыбаты, коомдун, жамааттын кызыкчылыгы, жыргалчылыгы үчүн иштелгендигинде экендигин ишаралап отурат. Эмгектин куну – анын социалдык-коомдук маңызында. Адамдын кадыр-баркы, атак-аброюу анын эмгек-мээнетинин көптүн мүдөөсүн көздөп иштелгенине жараша түптөлүп, түзүлөт. А.Осмонов өзүнүн мындай эмгек философиясын айрыкча, «Ракмандын илими», «Маляр», «Жактырдым», «Чөп чабык» «Кызылча казган келинчек» аттуу ырларынын каармандарынын поэтикалык образдары аркылуу демонстрациялаган. Бакыт кызылча казган келиндин «Туурук-туурук капкара колунда» дейт А.Осмонов «Кызылча казган келинчек» деген ырында.

Алыкулдун эмгек философиясына акын жашаган доордун идеологиясы гана эмес, эң негизгиси элдик кыртыштагы эмгек даанышмандыгы таасир кылган демекчибиз. «Манастагы» атактуу Бөлөкбай уста аргасыздан эске түшөт. Манас баатырдын «учун кайкы чыгарган, ууга аябай сугарган, түн ичинде сууруса, өрт күйгөндөй кызарган, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен» албарс кылычын, «камыш кыйып каптаган, тарамышка чаптаган, темирин сегиз кырдаган, он эки түрдүү сырдаган, учун ууга сугарган, бөрү тил мизин чыгарган, шамалга тийсе ырдаган, тийген жери ырбаган» сыр найзасын жасаган теңдешсиз чебер уста Бөлөкбайдын керемет өнөрү жана чаалыкпас эмгекчилдиги адамды таңгалдырбай койбойт.

Айтмакчы, мобу кепти да кыстара өтөлү. Бөлөкбай уста жөнүндө эл мугалими Бектур Исаковдун төмөнкү таамай айткан аныктамасына кошулбай коюуга болбойт: “Бөлөкбай Ата мекенин сүйгөн чоң патриот, майда мүдөөдөн кутулуп, жарандык жактан жетилген атуул. Бөлөкбай темирге жан салган уста жана бийик мүдөөлөрү бар, өз тагдырын элинин тагдыры менен байланышта караган улуу инсан, атактуу атуул. Иштеп акы алуу, ошонун эсебинен баюу, жеке турмушунун гүлдөтүү тике максаты эмес, мындай көрпенделик ар кимдин эле колунан келет, ал эми Бөлөкбай ошондой көртирликтен өйдө көтөрүлүп, бийик жаранга айланган жан. Анын кумары – адал мээнетке жараша пайда табуу эмес, өнөрү аркылуу көпкө кызмат көрсөтүү, ушундай аракетке ыраазы болуу сезими, каниет алуу, ырахаттануу бийиктиги. Анын аракеттери жөн эле ак жүрөктүк эмес, терең түшүнүктүн жемиши. Бөлөкбай жасаган жоо-жарак душманды кыйратууга жумшалат, ошондон соң кыргыз эли азап-тозоктон кутулат – ал эми бул устанын алар эң чоң сыйлыгы. Андан артык сый-урмат жок. Жасаган курал-жарагын башка кимдир бирөө эмес, нукура эл баатыры Манас урунат, ал куралдар менен Ата журтун бошотот – буга топук кылуу. Анын колунан чыккан куралдардын жалпы кыргыз ишине кереги тийиши, пайдалуу болушу – так ушунун өзү устанын алган акысы, эмгегинин бааланышы болмок”. (Б.Исаков. Айкөл Манастын калыптанышы – Бишкек, “Гүлчынар”, 2009-жыл, 125-126-беттер).

Бектур Исаковдун бул сөзү акылман Бакайдын Бөлөкбай устага байланыштуу «Ата журт үчүн тердесең, зоболоң сенин зор болот» деген сөзүнүн логикалык уландысы сыяктуу. Бир сөз менен жыйынтыктап айтканда, Алыкул Осмоновдун жогорудагы инсандын эмгегинин социалдык баалуулугу тууралуу философиясы элдик акылмандыктын кыртышынан тамыр алып чыгат. 


Советбек Байгазиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер