Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Султанов уурдалган акчага Costa-Brava элиталык комплекстен коттедж сатып алганбы?

Улан Султанов уурдалган акчага Costa-Brava элиталык комплекстен коттедж сатып алганбы?

29-апрель, 04:27
1 148 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гезиттин өткөн сандарында полковник Улан Султановго кайрылганбыз. “Бишкек шаарынын 6-кичирайонундагы батирден 100 миң доллар уурдалып, кылмышка шектүү жашырылып, башка бирөөгө айыпты илишкенби? Береги акчаны агездеги Октябрь РИИБнин начальниги Улан Султанов орун басары Азиз Бекназаров (Кашкар Жунушалиевдин аяш уулу), ГОМдун начальниги үчөө бөлүп алышты беле?” деген маанайдагы суроолорду берген элек. “Ак” же “көк” деп жооп айтканга жарашпады. Бул кылмыштар боюнча соттук процесстер бүтпөй, будаланып атабы? ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын начальниги Азамат Жумабаев кыңыр ишти жашырып, көзөмөлдөп отурабы? Ачыктык кайда? Баса, Улан Султанов Ысык-Көлдөгү Costa-Brava эс алуучу элиталык комплекстен коттеджди кайсы миллиондоруна сатып алган? “Иттин өлүгү көмүлгөн жерге” жакындап калдыкпы? Кыскасы, ушул суроолор боюнча жооп беришсе, “Азия Ньюс” гезитине жарык көрмөкчү. Андан аркысын дагы көрөбүз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер