Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Аскар Акаев лекция окуганга шашпай турушу керек эле”

Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Аскар Акаев лекция окуганга шашпай турушу керек эле”

29-май, 18:39
417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алишер мырза, экс-президент Аскар Акаевдин өлкөбүзгө ээн-эркин келип, атүгүл мурдагыдай эле лекция окуганга белсенгенине кандай карайсыз?

-- Аскар Акаев бүгүнкү күндө мыйзамдын алдында жооп берип, кайсы бир деңгээлде акталып, ага карата кылмыш иши жоктугу далилденбедиби. Ошон үчүн ал киши өзүнүн туулган жерине кеңири келип-кетип жатат. Бирок менин оюмча, ал кишиге лекция окуганга дагы бир аз убакыт бар эле. Эл көнүшү керек болчу. Кылмыш иштери жаңы эле бүткөндө келип алып, “лекция окуйм” дегени туура эмес го. Анткени, акыркы 20 жыл аралыгында биздин ушинтип аксап турганыбызга Аскар Акаевичтин түздөн-түз күнөөсү бар. Ошонун негизинде ал өзү деле баш тартса жакшы болмок. Андан башка деле канчалаган академик, профессорлорубуз бар, лекцияны ошолор деле окуса болот да. Же Аскар Акаевичтен башка киши табылбай калдыбы?

-- Кандай деп ойлойсуз, лекция окуу идеясы ал кишинин өзүнөн чыкканбы, же?..

-- Бул Акаевдин тарапташтарынын аны батыраак реабилитация кылып, эски кылмыш иштерин унуткаруу аракети болсо керек. Бирок, ошондо деле сөзсүз Акаевдин өзү менен макулдашылат да. Андыктан, ал киши өзү дагы кызыкдар болушу мүмкүн. Бирок, шашып койду да. Билбейм, дагы кандай жагдайлар бар. Аны убакыт көргөзөт го... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер