Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээ чыр-чатакка кабылган Бакыт Шаршембиев да Ленин округунан талапкер

Кечээ чыр-чатакка кабылган Бакыт Шаршембиев да Ленин округунан талапкер

16-август, 14:28
466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда чоң саясатка, депутаттык күрөшкө арты таза, мамлекетчил инсандардын чыгышы өтө сейрек. Кайдагы бир Кудайдан жөө качкандар талпынып эле келатышат. Баягы эле бети калыңдар. Айланып эле бийликке умтула беришет. Көрсө, саясатта шылуундар алдыга озуп чыгышып, ошон үчүн элдин жашоосу 32 жылдан бери оңолбой жатпайбы! Кандай өкүнүчтүү?

Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Бакыт Шаршембиев маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон. Ишмердигине байланыштуу кылмыш иштери козголуп, коомчулукта талкуу жаралганы эсиңердеби? Чуулганды көмүскөдөн басышып, камалбай калганы болжонгон эле. 2019-жылы кызматтан кеткен. Бул экс-министр Иманкадыр Рысалиевдин кадры болгондуктан, көп сырлар ачылбай калганын айтышат. Азуусу курч орган кызматкерлеринен калкалап калышканын билбейсиңер да. Агезде Сокенин досу И.Рысалиевдин бир тууган бажасы М.Абылгазиев өкмөт башчы эле. Бири-бирине чырмалышып турган мындай шартта өз бала Б.Шаршембиевди каматып жиберүү “акылга сыябы”? Тескерисинче, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, баары бир ооздон акташып, бөпөлөп алышкан. Ошентип, суудан кургак чыккандай кутулуп кеткен да. 

Азыр эми Б.Шаршембиев бир мандаттуу Ленин округунан Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп, күч сынашууга белсенип турган кербези. Капчыгы калың болсо, чогулткан байлыгына таянуу менен алдыга озуп чыгабы? Көрөлү. Эл азыр башка, байларды кастарлаган деле заман эмес. Электен өтө берсин, андан аркысына деле көз чаптырабыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер